https://sputnik.kg/20230522/sayttardy-zhabuu-aryz-1075533547.html
Министрликке жарандардан ЖМКлар боюнча 22 арыз түшкөн, арасында депутат да бар
Министрликке жарандардан ЖМКлар боюнча 22 арыз түшкөн, арасында депутат да бар
Sputnik Кыргызстан
Аткаминердин айтымында, арыздын негизинде үч интернет-сайтты эки айга токтотуу чечими кабыл алынган. 22.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-22T11:54+0600
2023-05-22T11:54+0600
2023-05-22T11:55+0600
кыргызстан
саясат
жмк
жабуу
чыңгыз эсенгул уулу
кайрылуу
арыз
https://sputnik.kg/img/103882/79/1038827968_0:120:4800:2820_1920x0_80_0_0_d43e3ebdf04faa4034d947cdc23cf773.jpg
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Анык эмес маалымат чыгарган деген доомат менен сайттардын үстүнөн 22 арыз түштү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ЖКнын Социалдык саясат комитетинде билдирди.Анын айтымында, министрлик былтыртан бери 22 арызды карап чыккан. Анын ичинен үч интернет-сайт эки айга жабылган, бирөө арыз ээси тарабынан кайтарып алынган. Жетөө кароосуз калтырылды, анткени даттануусу социалдык тармактарга багытталган. Дагы жети кайрылуу келтирген жүйөөсү толук эместигине байланыштуу каралган эмес. Маалыматтык сегиз сайт өздөрү кемчилигин мойнуна алып ыктыярдуу түрдө өчүргөн. Ал эми ЖМКнын чыгарган материалы туура болуп, даттануу негизсиз деп табылган бир учур катталган. Бир эле адам эки-үч макала боюнча арыз жазган учурлар да бар.Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков "саясатчылар ЖМКлардын үстүнөн көп арызданабы?" деп сурады."Арыздар көбүнчө ишкерлерден түшөт. Буга чейин депутат Эрулан Көкүловдон дагы арыз келген, бирок аны артка кайтарганбыз. "Республика" сайтын соттун чечиминин негизинде жаптык, 24.kg агенттиги боюнча өлкө аймагында иштеген ишкер кайрылган, ошонун алкагында чара көрүлгөн. Ал эми "Азаттыкка" мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн министрлик өзүбүз арыз бергенбиз. Бизде эч кандай тандоо, кайсы бир ЖМКга жан тартуу же жаман көрүү деген жок. Мыйзамдар менен жашайбыз, кайрылууларды Башкы прокуратура текшерип турат", — деди Эсенгул уулу.
https://sputnik.kg/20230427/azattykty-zhabuu-chechimin-chygardy-1074804745.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103882/79/1038827968_0:0:4272:3204_1920x0_80_0_0_6c9ef8a8ff5a596261fc1809226f70bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, жмк, жабуу, чыңгыз эсенгул уулу, кайрылуу, арыз
кыргызстан, саясат, жмк, жабуу, чыңгыз эсенгул уулу, кайрылуу, арыз
Министрликке жарандардан ЖМКлар боюнча 22 арыз түшкөн, арасында депутат да бар
11:54 22.05.2023 (Жаңыртылды: 11:55 22.05.2023) Аткаминердин айтымында, арыздын негизинде үч интернет-сайтты эки айга токтотуу чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Анык эмес маалымат чыгарган деген доомат менен сайттардын үстүнөн 22 арыз түштү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ЖКнын Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Анын айтымында, министрлик былтыртан бери 22 арызды карап чыккан. Анын ичинен үч интернет-сайт эки айга жабылган, бирөө арыз ээси тарабынан кайтарып алынган. Жетөө кароосуз калтырылды, анткени даттануусу социалдык тармактарга багытталган. Дагы жети кайрылуу келтирген жүйөөсү толук эместигине байланыштуу каралган эмес. Маалыматтык сегиз сайт өздөрү кемчилигин мойнуна алып ыктыярдуу түрдө өчүргөн. Ал эми ЖМКнын чыгарган материалы туура болуп, даттануу негизсиз деп табылган бир учур катталган. Бир эле адам эки-үч макала боюнча арыз жазган учурлар да бар.
Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков "саясатчылар ЖМКлардын үстүнөн көп арызданабы?" деп сурады.
"Арыздар көбүнчө ишкерлерден түшөт. Буга чейин депутат Эрулан Көкүловдон дагы арыз келген, бирок аны артка кайтарганбыз. "Республика" сайтын соттун чечиминин негизинде жаптык, 24.kg агенттиги боюнча өлкө аймагында иштеген ишкер кайрылган, ошонун алкагында чара көрүлгөн. Ал эми "Азаттыкка" мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн министрлик өзүбүз арыз бергенбиз. Бизде эч кандай тандоо, кайсы бир ЖМКга жан тартуу же жаман көрүү деген жок. Мыйзамдар менен жашайбыз, кайрылууларды Башкы прокуратура текшерип турат", — деди Эсенгул уулу.