https://sputnik.kg/20230606/ukmk-biylikti-basyp-aluu-araketi-karmoo-1075985111.html
УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди. Видео
УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди. Видео
Sputnik Кыргызстан
Негизги уюштуруучу катары "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматованын аты аталууда. 06.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-06T10:35+0600
2023-06-06T10:35+0600
2023-06-06T10:36+0600
кыргызстан
видео
окуялар
укмк
бийлик
басып алуу
кармоо
башаламандык
https://sputnik.kg/img/104128/77/1041287767_0:0:3243:1825_1920x0_80_0_0_ae6cd41b6d44c8abe7cef226bcc26f27.jpg
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. УКМК бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган деп кимдер кармалганы тууралуу маалымат берди.Чогултулган аудио-видеоматериалдардын негизинде кылмыш иши козголгону белгиленди. Анын алкагында чекисттер 30дан ашуун адамды кармап келип, сурактан кийин бешөө камакка алынган.Ачык булактардан "Элдик Кеңеш" партиясынын төрайымы Роза Нурматова экени белгилүү болду.Атайын кызмат бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн аймактарынан 100дөн ашык адам тартылып, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөнү аныкталганын белгиледи."Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинди, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери: Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынганы кошумчаланды.Учурда иштин башка жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
https://sputnik.kg/20230605/kyrgyzstanda-tonkorush-zhasoo-kreml-tynchsyzdanat-1075972310.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104128/77/1041287767_0:0:2915:2186_1920x0_80_0_0_b856fc24fb92413e12d73682c708219a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, видео, окуялар, укмк, бийлик, басып алуу, кармоо, башаламандык
кыргызстан, видео, окуялар, укмк, бийлик, басып алуу, кармоо, башаламандык
УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталып кимдер кармалганын билдирди. Видео
10:35 06.06.2023 (Жаңыртылды: 10:36 06.06.2023) Негизги уюштуруучу катары "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматованын аты аталууда.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. УКМК бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган деп кимдер кармалганы тууралуу маалымат берди.
Чогултулган аудио-видеоматериалдардын негизинде кылмыш иши козголгону белгиленди. Анын алкагында чекисттер 30дан ашуун адамды кармап келип, сурактан кийин бешөө камакка алынган.
"Аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди жана өлкө боюнча бийликке катуу нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист, "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрайымы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Анын жетикчилиги астында бийликти күч менен басып алуу пландарын талкуулоо менен адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Ачык булактардан "Элдик Кеңеш" партиясынын төрайымы Роза Нурматова экени белгилүү болду.
Атайын кызмат бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн аймактарынан 100дөн ашык адам тартылып, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөнү аныкталганын белгиледи.
"Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинди, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери: Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынганы кошумчаланды.
Учурда иштин башка жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.