https://sputnik.kg/20230607/ukraina-kontrchabuul-tunguyuk-rossiya-1076010983.html
Global Times: контрчабуул Украинаны туңгуюкка кептеди
Global Times: контрчабуул Украинаны туңгуюкка кептеди
Sputnik Кыргызстан
Басылма Россиянын чалгыны мыкты иштеп жаткан маалда Украина бул жаатта аксап жатканын белгилеген. 07.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-07T10:19+0600
2023-06-07T10:19+0600
2023-06-07T10:19+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
диверсия
теракт
чалгын
жеңиш
жоготуу
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1076005432_0:183:2991:1865_1920x0_80_0_0_60bf7203fc98188468b4c9b6b6c7c10a.jpg
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украинанын Батыш мамлекеттеринин жардамына карабай контрчабуулда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн көп сандагы жоготуу чектеп жатканын Global Times жазды.Макаланын авторлору баяндамачылар Ян Шэн менен Чжан Чаньюэ Украина армиясы кырдаалды өзгөртө аларынан күмөн саноодо.Россияны изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери Чжан Хун байма-бай жасалып жаткан диверсиялар менен терактыларга карабастан Украинанын туңгуюкка кептелгени анык деген пикирде."Россия чалгын кызматы мыкты иштеп жатат. Украина мындай ийгилиги менен мактана албайт, Киев фронтто чыныгы абал кандай экенинен кабарсыз", — деп айтылат макалада.Украинанын мындан аркы кадамдары Батыштын чечкиндүүлүгүнөн көз каранды болору белгиленди. Баяндамачылардын айтымында, эгер президент Владимир Зеленский жакынкы мезгилде кандайдыр бир ийгилик жарата албаса НАТО курал-жарак жеткирүү боюнча позициясын өзгөртүшү толук ыктымал.
https://sputnik.kg/20230606/ukrainanyn-nato-standartyndagy-chabuulu-1075981070.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/06/1076005432_131:0:2860:2047_1920x0_80_0_0_1458a1fa462b982b7cd0e20b6fc59607.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, диверсия, теракт, чалгын, жеңиш, жоготуу
дүйнөдө, россия, украина, диверсия, теракт, чалгын, жеңиш, жоготуу
Global Times: контрчабуул Украинаны туңгуюкка кептеди
Басылма Россиянын чалгыны мыкты иштеп жаткан маалда Украина бул жаатта аксап жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украинанын Батыш мамлекеттеринин жардамына карабай контрчабуулда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн көп сандагы жоготуу чектеп жатканын
Global Times жазды.
Макаланын авторлору баяндамачылар Ян Шэн менен Чжан Чаньюэ Украина армиясы кырдаалды өзгөртө аларынан күмөн саноодо.
"Киев Артемовскинин алдындагы кармашта чоң жоготууга учурады. Россияны жеңүүгө батыштан келген курал-жарак да жардам бере албайт", — дешкен авторлор.
Россияны изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери Чжан Хун байма-бай жасалып жаткан диверсиялар менен терактыларга карабастан Украинанын туңгуюкка кептелгени анык деген пикирде.
"Россия чалгын кызматы мыкты иштеп жатат. Украина мындай ийгилиги менен мактана албайт, Киев фронтто чыныгы абал кандай экенинен кабарсыз", — деп айтылат макалада.
Украинанын мындан аркы кадамдары Батыштын чечкиндүүлүгүнөн көз каранды болору белгиленди. Баяндамачылардын айтымында, эгер президент Владимир Зеленский жакынкы мезгилде кандайдыр бир ийгилик жарата албаса НАТО курал-жарак жеткирүү боюнча позициясын өзгөртүшү толук ыктымал.