00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия өзүнүн ЖОЖдоруна окуганга 1000 кыргызстандыкка квота берди

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСтуденттер лекцияда. Архивдик сүрөт
Студенттер лекцияда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Квота менен өткөндөр бекер окуп, жатаканада жайгашат, магистранттар менен аспиранттарга стипендия берилет.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россия өкмөтү РФтин жогорку окуу жайларында билим ала турган кыргызстандыктар үчүн дагы кошумча квота карады. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Буга чейин алдыдагы окуу жылында 700 орун бөлүнгөнү кабарланган, андан кийин квотаны 1000ге жеткирүү боюнча сөз болгон.
"Россия өкмөтү өзүнүн ЖОЖдоруна бекер окуганга дагы кошумча квота карады. Баш-аягы аталган мамлекет 1000 кыргызстандыкка окуу үчүн орун берип жатат. Көбү бөлүштүрүлүп кетти. Июндун аягында кошумча дагы каралды. 2023-жылдын сентябрында окуп башташат. Кеп магистратура, аспирантура жана квалификацияны жогорулатуу туурасында жүрүп жатат. Кабыл алуу медициналык тармактан башкасынын баарына жүрүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Кошумча квота берүүгө кыргызстандыктар тарабынан россиялык ЖОЖдорго окууга суроо-талаптын арбышы себеп болгон.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жатканын белгиледи. Бул жазында тапшырбай калган, бакалавр же адистик даражасын алгандан кийинки этапта сапаттуу жогорку билим алууну каалагандар үчүн жаңы, жакшы мүмкүнчүлүк. Кеп мектептин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө эмес, биринчи жогорку билимин алып, окуусун андан ары улантууну пландагандар туурасында жүрүп жатат.
"Россия өзүнүн эң мыкты университеттеринде популярдуу болгон бардык багыттар — орус жана чет тилдер, IT, инженерия, энергетика, экономика, укук, чыгармачылык багыттары боюнча магистрдик программалардын кеңири спектрин сунуштайт. Аспирантура илимий карьера жасаганга шарт түзүп берет. Жаш курак боюнча чектөө жок. Иштеп, бирок квалификацияны жогорулаткысы келгендер кошумча кесиптик билимди эки аптадан бир жылга чейин алса болот", — деген Зульхарнеев.
Квота менен өткөндөр бекер окушат жана жатаканада жайгашып, магистранттар менен аспиранттарга стипендия берилет. Окуйм дегендер арызын 15-июлга чейин электрондук түрдө берет. Документтерди тапшыруу онлайн жүрөт.
Кошумча маалыматтарды Бишкектеги Русский дом уюмунун билим берүү бөлүмүнүн uchebarf.kg дарегинен, аталган уюмдун социалдык тармактарынан алса болот.
Окуй турган талапкерлерди алуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө гана, эч кандай далдалчы уюмсуз жүрөт. Россиялык жогорку окуу жайларга өтүүнү каалагандарга 4 жана 12-июлда "Русский дом" уюмунун (Эркиндик, 2/1 гүлбагында) оффлайн тартибинде консультациялар берилет.
Каалагандар алдын ала шилтемеси менен кирип, катталышы керек.
Кандайдыр бир суроолор жаралса, +996 (312) 30-05-43, +996 (770) 22-45-95 телефондоруна чалып же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук дарекке жазса болот.
Россиялык окуу жайларга тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россия ЖОЖдоруна бюджеттик негизде кабыл алуу башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0