https://sputnik.kg/20230711/suuga-chogup-kaza-bolgon-adamdar-1076958107.html
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги каналдардын биринен сөөгү табылган аялдын ким экени тактала элек. 11.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-11T11:13+0600
2023-07-11T11:13+0600
2023-07-11T11:13+0600
кыргызстан
суу
сууга чөгүү
өлүм
табуу
куткаруучу
https://sputnik.kg/img/102879/13/1028791368_0:185:2337:1500_1920x0_80_0_0_a618ca78f97c6f90728f78fc220d5644.jpg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ар кыл аймагында чөгүп кетип каза болгон төрт адамдын сөөгүн кечээ таап, суудан алып чыгышты, анын ичинен бирөө жаш бала. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жашаган Э. уулу А. аттуу 21 жаштагы жигит Ак-Сай өрөөнүнө кеткен бойдон дайынсыз болгон. Анын минген аты Ача тилкесинен табылган. 10-июлда үч куткаруучу жана сегиз милиционер издеп баштаган. Алар саат 18:09да Ак-Моюн айылындагы Өмкө каналынан жигиттин сөөгүн табышкан.Ал эми кечээ, 10-июлда, Таластын Манас районунун Таш-Башат айылына Кыдыралы каналына жети жаштагы З.Ы. аттуу бала түшүп кеткенин жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Бул учурда үч куткаруучу ал жакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Алар суудан тестиердин сөөгүн алып чыгып, ата-энесине өткөрүп беришкен.Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 4-июлда агып кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу уландын сөөгү алты күндөн кийин табылды. Аны 49 куткаруучу издеген.Бишкектин Шабдан баатыр проспекти менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишиндеги каналда аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу өлүктү суудан чыгарышкан. Маркумдун ким экени такталууда.
https://sputnik.kg/20230704/suuga-chokkon-adamdy-kantip-kutkarysh-kerek-1076747990.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102879/13/1028791368_333:0:2333:1500_1920x0_80_0_0_2b4a63d0c8980792489acd19d67f9a54.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, суу, сууга чөгүү, өлүм, табуу, куткаруучу
кыргызстан, суу, сууга чөгүү, өлүм, табуу, куткаруучу
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала
Бишкектеги каналдардын биринен сөөгү табылган аялдын ким экени тактала элек.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ар кыл аймагында чөгүп кетип каза болгон төрт адамдын сөөгүн кечээ таап, суудан алып чыгышты, анын ичинен бирөө жаш бала. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жашаган Э. уулу А. аттуу 21 жаштагы жигит Ак-Сай өрөөнүнө кеткен бойдон дайынсыз болгон. Анын минген аты Ача тилкесинен табылган. 10-июлда үч куткаруучу жана сегиз милиционер издеп баштаган. Алар саат 18:09да Ак-Моюн айылындагы Өмкө каналынан жигиттин сөөгүн табышкан.
Ал эми кечээ, 10-июлда, Таластын Манас районунун Таш-Башат айылына Кыдыралы каналына жети жаштагы З.Ы. аттуу бала түшүп кеткенин жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Бул учурда үч куткаруучу ал жакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Алар суудан тестиердин сөөгүн алып чыгып, ата-энесине өткөрүп беришкен.
Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 4-июлда агып кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу уландын сөөгү алты күндөн кийин табылды. Аны 49 куткаруучу издеген.
Бишкектин Шабдан баатыр проспекти менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишиндеги каналда аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу өлүктү суудан чыгарышкан. Маркумдун ким экени такталууда.