00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:08
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сууну көбүрөөк ичип, көлөкөдө болуңуз. Аптаптан сактануунун эрежелери

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖенщина с зонтом в руках. Архивное фото
Женщина с зонтом в руках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
12-14-июль күндөрү бир катар аймактарда +36…+41 градуска чейин жетери кабарланды.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Синоптиктер Кыргызстанда алдыдагы эки күн өтө ысык болорун билдирди. Мындан улам адистер элге аптапта сактай турган эрежелерди айтып, сунуш кылууда.
Төмөндө Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери "Сак-саламат" Telegram каналы берген кеңештерди эске салабыз.
12-14-июль күндөрү бир катар аймактарда 36…41 градуска чейин жетери кабарланды.
Төмөнкүлөрдү эске сактап алыңыз:
Күн түз, ачуу тийген жерден оолактап, көлөкөдө болуңуз. Көчөгө чыгууну чектеңиз. Күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын жерде болууга аракет кылыңыз;
Кенен, синтетикадан жасалбаган ачык түстөгү кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз. Себеби мындай учурда синтетика тери ооруларын пайда кылышы мүмкүн;
Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл. Суюктуктун көбүрөөгү жакшы. Бирок өтө муздак болсо ооруп калышыңыз ыктымал. Айтор, абайлаңыз. Минералдык суу, лимон кошулган муздак көк, кара чай ашыктык кылбайт;
Мындай аптаптуу ысыкта арак-шараптан алыс эле болуңуз;
Тез-тез душка түшүп же сүлгүнү, шейшептин айрындысын муздак сууга малып денени аарчып турган да жакшы;
Түшкөнгө тыюу салынган көлмөлөргө барбай эле коюңуздар;
Күндөн сактоочу кремдерди колдонуңуз.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2023
Кыргызстан боюнча 15-июлга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0