00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Япон кинематографисттерин коноктогон кыргыздын залкарлары. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Океевых
Солдон биринчи турган япониялык киночу, экинчи турган атактуу япониялык актёр Тосиро Мифунэ, ортодо СССРдин эл артисти, талантуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев, андан кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев менен СССРдин эл артисти, белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов. Экинчи катарда ат минген белгилүү драматург, сценарист Казат Акматов менен мамлекеттик ишмер Иманкул Абдыкуловдун сүрөтү 1970-жылдары тартылган.
Ошол кезеңди, сүрөттөгү инсандарды Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева мындайча эскерет.
"Бул сүрөт япониялык киночулар Кыргызстанга мейманга келгенде тартылган. Япониялык атактуу актёр Тосиро Мифунэ эки кесиптеши менен Ташкентте өтүп жаткан Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалына келип, кооз жерде үйүр жылкыларды тартып алуу мүмкүнчүлүгүн издешкен. Ошондо өзбекстандык белгилүү кинорежиссёр Али Хамраев Төлөмүш Океевге барууну сунуштаган экен. Кыргызстандык кинематографисттер аларды жылуу тосуп алып, убакытты эсте каларлык кылып өткөрүп, кызуу баарлашкан. Анда эки өлкөнүн киночулары биринчи жолу гана жолугушуп, кызматташуу жөнүндө да сөз козгошкон. Бирок, тилекке каршы, ал ишке ашкан эмес. Кайра Өзбекстандагы фестивалга шашкан япондор бир жарым күндөн кийин кетишкен", — деди Океева.
Буга чейин япон жана кыргыз киночулары кызматташкан учурлар болгон. Мисалы, дүйнөгө белгилүү кинорежиссёр Акира Куросаванын "Дерсу Узала" тасмасына Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов тартылган. Ал эмгек 1976-жылы мыкты чет элдик тасма номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына татыган.
Ал эми сүрөттөгү кинорежиссёр Төлөмүш Океев, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов чыгармачылыкта тыгыз иштешип, мыкты кинокартиналарды жараткан. Алардын арасында "Бакайдын жайыты", "Улан", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Отко таазим" фильмдери бар.
Тема боюнча:
Фрунзеде жолуккан кыргыз менен кытайдын каймактары. Залкарлардын таберик сүрөтү
Сүймөнкул Чокморов ооруп жүргөн кез эле... "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
"Бөрү зынданды" тартуу учурундагы эс алуу. Болот Шамшиевдин таберик сүрөтү
Али Хамраев менен иштешип "дезертир" болгон Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0