00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жеңиш чокусуна кеткен альпинисттер табылган жок

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖеңиш чокусуна кеткен альпинисттер табылган жок
Жеңиш чокусуна кеткен альпинисттер табылган жок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Куткаруучулар абанын температурасы – 20...– 30 градус болгон 4100 метр бийиктиктеги "Түштүк Эңилчек" базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көндүргөн соң альпинисттерди издөөнү улантып, 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жеңиш чокусуна чыккан 4 альпинист табылган жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 28-июлда 21 куткаруучудан турган үч топ дайынсыз болуп жаткан төрт альпинистти издөө үчүн жөнөп кеткен. Аймактын климаттык шарттарын эске алып издөө иштерине куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн Коргоо министрлигинин "МИ-8МТВ" тик учагы да тартылган.
© Фото / пресс-служба МЧС КРПоиски российских альпинистов на Пике победы
Поиски российских альпинистов на Пике победы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
"Куткаруучулар абанын температурасы – 20...– 30 градус болгон 4100 метр бийиктиктеги "Түштүк Эңилчек" базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көндүргөн соң альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжа берген жок. Дайынсыз болуп жаткан альпинисттер Жеңиш чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлашкан. Алардын бириндеги спутник байланышынын координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эмес. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөр куткаруучулардын өмүрүнө кооптуу экендиги эске алынып, 8-августта кайра кайтуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Билдирмеде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшагандыгы белгиленет.
Эске салсак, үч россиялык жана Литванын бир жараны туристтик фирма менен келишим түзүп, классикалык маршрут менен эмес, оор (Абалаков) жолго түшүп кетишкен. Алар 19-июль күнү 6900 метр бийиктикти багындырганда байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн. 24-26-июль күндөрү турфирманын өкүлдөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок жыйынтык болгон эмес.
Жеңиш чокусу — Кыргызстандагы (7439 метр) эң бийик чоку.
Альпинисттер Эвересттин чокусунда турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Үчүнчү кыргызстандык Эвересттин чокусуна чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0