00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көңүлдөшүмө үйлөнөйүн дейм, кызганычтан улам андан да айрыламбы деп корком...

© Photo / Pexels / Pavel DanilyukЭркек аялды аркасынан кучактап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Эркек аялды аркасынан кучактап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына кызганычтан улам эки жолу ажырашкан киши кат жазган.
Саламатсыздарбы! Жашым 40тан ашты. Мамлекеттик кызматтардын биринде укук коргоо органдарынын бир түзүмүндө иштейм. Мурда эки жолу үйлөнүп ажырашкам. Балдарыма колдон келген жардамымды берип турам. Учурда кесиптешим менен жакшы мамиледемин. Ачыгын айтканда, ал үй-бүлөлүү. Жолдошу, балдары, кайын журту бар. Күйөөсү карапайым жумушчу. Аябай жоош экен. Ал сапатын аялы жактырбайт. “Мага көңүл бурбайт, аялдын көңүлүн алууну билбейт” деп даттанат. Мен, тескерисинче, шамдагай, шайыр, аялзаттын көңүлүн ала билген адаммын. Ушул сапаттарымды көңүлдөшүм Айнура да жактырат. Ал да келбеттүү, ишин так билген, койкоңдогон келин. Учурда экөөбүз бир батирде жашайбыз. Муну кесиптештерим билет. Бирок баары билмексен. Бизди улам которуп тургандыктан Айнура да биздин бөлүмгө жарым жыл мурун которулуп келген. Үй-бүлөсү шаардан алысыраак райондордун биринде жашайт. Дем алыш күндөрү үйүнө барып келет. Бирок абдан кызганам. Ушул кызганчаактыгымдын айынан мурунку эки жубайым менен ажырашууга туура келди. Кызганганда көзүмө эч нерсе көрүнбөй калат. Чынын айтсам, кол көтөрүп да жиберем. Бирок кийин ак жеринен эле кызганганыма көзүм жетет. Акыры экөө тең басып кетти. Эми Айнураны “ажырашпайсыңбы” деп көндүрүп жатам. Өзүм ага үйлөнөйүн деген оюм бар. Бирок бир чети коркуп да жатам. Муну да кызганып, кол көтөрүп ара жолдо калтырып коёмбу дейм. Өзүмө ишене албайм. Бирок аябай жакшы көрөм. Минтип жүрө берүүгө да болбой калды. Айлам кеткенде сиздерге жашыруун кайрылып жатам. Кызганчаактыктан дарыланууга болобу? Дарысы барбы? Сыртымдан ойноп-күлүп, эч нерсени ойлобогондой жүргөнүм менен мага да нормалдуу бүлө керек. Эртең 50-60 жашка чыкканда да ушинтип ар жакта ойноп жүрө албайм да. Туруктуу үй-жайда жашагым келет. Каякка кайрылсам болот? Ошого жараша чечим чыгарайын деп жатам.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Саламатсызбы. Кызганыч — бул оору. Психологиялык жактан жабыркап, азап чегүү жана өзүнө ишенбестиктен келип чыккан дарт десек болот. Коркунуч сезими коштоп турарын айтыптыр. Эки үй-бүлөсү менен тең кызганычтын айынан эки ажырым жолго түшүп, балдарынан айрылган. Эми дагы башка үй-бүлө куруудан коркуп, дагы деле өзүнө ишене албай турат. Бала кезинен басмырланып, ата-эненин мээримин толук албай калгандарда коркоктук менен ишенбестик сезим жашап калат. Ата-энесинен толук мээрим албай калгандыктан жан дүйнөдөгү боштукту башка бирөөнүн эсебинен толтурууну каалашат. Талабы аткарылбай калганда кызганыч сезими келип чыгат. Муну психологдорго кайрылып себебин кенен изилдеп чыкса болот. Сиз баарын түшүнүп жатасыз да, кайра эле жаш баладай өзүңүзгө ишенбей кетип жатасыз. Айрымдар сүйүүнү кызганыч менен алмаштырып алышат. Сиз экөөнү ажыратып, өзүңүздү дарылабасаңыз кайра эле мурунку турмуштук сценарийди кайталап жүрүп отурасыз. Кызганчаак адам өзүнүн эле ойдон чыгарган сценарийлеринин курмандыгы боло берет. Бирөөгө ишене албаса психологиялык жактан азап чегип, өмүр бою жалгыз калат.
Мындай адам артын карап кылчая берсе келечекте максатына жете албай, коркунуч сезими менен гана жашай берет. Өкүнүү сезими да адамды жабыркатып коргоо механизми иштеп баштайт. Элдин көзүнчө шайыр, эрктүү көрүнгүсү келет. Жалгыз болгондо өзүн сындап жеке баалоосу төмөндөп кетет.
Апасы өспүрүм баласы менен сүйлөшүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2023
Өткөөл курактагы уулумду кайненем мага каршы пайдаланат. Келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0