https://sputnik.kg/20230829/tunduk-tushtuk-zholu-tonnel-kazyldy-1078170609.html
Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады
Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады
Sputnik Кыргызстан
Долбоор 136 миллион долларга бааланган, 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. 29.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-29T12:21+0600
2023-08-29T12:21+0600
2023-08-29T12:21+0600
кыргызстан
тоннель
казуу
аяктоо
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1d/1078170425_0:60:1024:636_1920x0_80_0_0_bcde01fb7e23dc17391bf124b12b3bc8.jpg
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы узундугу төрт чакырымга чукулдаган эң чоң Көк-Арт тоннели казылып бүттү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.Анын айтымында, учурда ал жерде бекемдөө иштери уланууда.Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк — Түштүк альтернативалык унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.Тоннелдин узундугу 3 890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.Объект даяр болгондон кийин каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын жаратуу кооптуулугу жок, эркин өтө алат.Долбоор 136 миллион долларга бааланган, тоннелди 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалып жатат.
https://sputnik.kg/20230801/kar-kochkudon-korgoochu-tonnel-kuruldu-1077476365.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/1d/1078170425_0:0:1024:768_1920x0_80_0_0_9182f1118af8e22ae53d55959a2d18b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тоннель, казуу, аяктоо
кыргызстан, тоннель, казуу, аяктоо
Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады
Долбоор 136 миллион долларга бааланган, 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы узундугу төрт чакырымга чукулдаган эң чоң Көк-Арт тоннели казылып бүттү. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда ал жерде бекемдөө иштери уланууда.
Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк — Түштүк альтернативалык унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Тоннелдин узундугу 3 890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.
Объект даяр болгондон кийин каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын жаратуу кооптуулугу жок, эркин өтө алат.
Долбоор 136 миллион долларга бааланган, тоннелди 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалып жатат.