https://sputnik.kg/20230910/lavrov-eaeb-g20-katyshuuchu-1078497671.html
Лавров: ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык катышуучусу катары каралышы мүмкүн
Лавров: ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык катышуучусу катары каралышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Саммит 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү. 10.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-10T19:41+0600
2023-09-10T19:41+0600
2023-09-10T20:07+0600
дүйнөдө
россия
g20
сергей лавров
саясат
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0a/1078497757_0:0:3168:1782_1920x0_80_0_0_db56b9eba47f08cb468bacbae48813a6.jpg
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык түзүмдүк катышуучуларынын бири катары каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Делиде өткөн G20 саммитинен кийинки маалымат жыйынында түз эфирден билдирди.Индия 2022-жылдын 1-декабрынан баштап G20га төрагалык кылат. Бирикме лидерлеринин саммити 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү. Ага G20 өлкөлөрүнүн жана дагы тогуз өлкөнүн – Бангладеш, Египет, Испания, Маврикий, Нигерия, Нидерландия, БАЭ, Оман жана Сингапурдун башчылары чакырылган. Саммит жекшембиде төрагалыкты Бразилияга расмий өткөрүп берүү менен аяктады.
https://sputnik.kg/20230906/eaehbdin-kelechegi-tuuraluu-oj-tolgoo-1078378313.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/0a/1078497757_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_f0b3e2c803184a5ad6279522eb25bd20.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, g20, сергей лавров, саясат
дүйнөдө, россия, g20, сергей лавров, саясат
Лавров: ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык катышуучусу катары каралышы мүмкүн
19:41 10.09.2023 (Жаңыртылды: 20:07 10.09.2023) Саммит 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык түзүмдүк катышуучуларынын бири катары каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Делиде өткөн G20 саммитинен кийинки маалымат жыйынында түз эфирден билдирди.
"Мындай тенденция бар. G20га Африка биримдиги гана эмес, Араб мамлекеттеринин лигасы, Латын Америкасы жана Кариб бассейни мамлекеттеринин шериктештиги сыяктуу аймактык структуралардын да кошулушу айтылууда. Менин оюмча, кайсы бир этапта ЕАЭБ дагы бул аймактык катышуучулардын бири катары каралат", — деди Лавров.
Индия 2022-жылдын 1-декабрынан баштап G20га төрагалык кылат. Бирикме лидерлеринин саммити 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү. Ага G20 өлкөлөрүнүн жана дагы тогуз өлкөнүн – Бангладеш, Египет, Испания, Маврикий, Нигерия, Нидерландия, БАЭ, Оман жана Сингапурдун башчылары чакырылган. Саммит жекшембиде төрагалыкты Бразилияга расмий өткөрүп берүү менен аяктады.