00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти көбөйтүү сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКарылар үйү. Архивдик сүрөт
Карылар үйү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Эгер мыйзам кабыл алынса ата-энелерин алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот баласынан алимент өндүрүүнү карайт.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштешине тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган документ бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, биринчи окуудан өттү.
Ошону менен бирге эле улгайган ата-энесин бакпаганы үчүн алимент төлөөдөн качкандарга салынчу айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү демилгелеген. Учурда айыптын суммасы 20-50 миң сом болсо, депутат 50 миңден 100 миң сомго чейин жогорулатууга белсенүүдө. Болбосо бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Азыркы тапта 40тан 100 саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
"Мыйзам долбоорунун максаты — ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө. Учурда эмгекке жарамсыз улгайган жарандарды таштап кеткен балдарын жазага тартуу үчүн соттун чечими керек. Бирок ата-энелер өзүнүн баласына эч качан арыз жазбайт экен. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса ата-апаларын алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот алимент өндүрүүнү карайт", — деди Икрамов.
Эл өкүлү ата-энесин балдары таштап кеткен учурлар көбөйүп, кадыресе көрүнүшкө айланып баратканына тынчсыздануусун билдирди.
"Карылык сөзсүз ар адамдын башына келет. Баарыбыз эле балдарынын, неберелеринин, чөбөрөлөрүнүн курчоосунда карылыгын өткөрүүнү кыялдансак керек. Ата-энелер бүт өмүрүн балдарга арнап, тарбиялап өстүргөн соң карылар үйүнө калтырып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Статистика көрсөткөндөй, жыл сайын карылар үчүн социалдык мекемелерде ар кандай себептер менен келген улгайган адамдардын саны өсүүдө. Балдары ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткени абдан өкүндүрөт", — деди депутат.
Ошондой эле Икрамов өлкө боюнча алты карылар үйү бар экенин, ал эми борбор калаада 211 улгайган адам жашай турганын айтты.
Акча чогултуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Мектепте акча чогултууга 28 миң сомго чейин айып салуу мыйзамы сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0