https://sputnik.kg/20230926/sadyr-zhaparov-ozbek-tarap-agyp-kirgen-suu-1078926483.html
Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок
Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды. 26.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-26T15:05+0600
2023-09-26T15:05+0600
2023-09-26T15:08+0600
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
кемпир-абад суу сактагычы
жмк
жооп
өзбекстан
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/19/1070338282_0:25:850:503_1920x0_80_0_0_4bac0be6935be4befa180678fd80c6db.png
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖМКларда "Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт" деп чыккан маалымат боюнча жооп берди. Бул темада ал "Кабар" улуттук агенттигине маек курган.Жапаровдун айтымында, Кемпир-Абадды илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген, былтыр чек ара маселеси менен чогуу суу сактагыч да чечилген."Келишимге ылайык, азыр теңме-тең башкаруу болуп калды. Биздин кишилер дагы отурушат, мындан ары ушундай болот. Кыргыз тарап суунун 10 пайыздайын пайдаланабыз, калганы 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кетет. Дагы 100 жыл агат. Теңме-тең башкаруу биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонталдан ашып кетпешин көзөмөлдөйбүз, кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, плотинадан ылдый турган айылдарга сугатка суу алып турушубуз керек. Ал 3 101 кожолукту, 3 848 гектар жерди камсыздайт", — деди президент.Ошондой эле ал чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды.
https://sputnik.kg/20230926/prezidenttin-administratsiyasynan-korsotmo-berishti-1078919207.html
кемпир-абад суу сактагычы
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/19/1070338282_0:0:756:567_1920x0_80_0_0_e91f5d121008a0aa8bba593b65d7cdd3.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, кемпир-абад суу сактагычы, жмк, жооп, өзбекстан
кыргызстан, саясат, садыр жапаров, кемпир-абад суу сактагычы, жмк, жооп, өзбекстан
Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок
15:05 26.09.2023 (Жаңыртылды: 15:08 26.09.2023) Мамлекет башчы чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖМКларда "Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт" деп чыккан маалымат боюнча жооп берди. Бул темада ал "Кабар" улуттук агенттигине маек курган.
"Агып кетип жаткан сууну өзбек тарап арык, түтүк же асман менен алып кетеби, кандай айырмасы бар? Ар бир кыймыл-аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз. Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот, аны бир кудайдан башка эч ким буза албайт", — деди мамлекет башчы.
Жапаровдун айтымында, Кемпир-Абадды илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген, былтыр чек ара маселеси менен чогуу суу сактагыч да чечилген.
"Келишимге ылайык, азыр теңме-тең башкаруу болуп калды. Биздин кишилер дагы отурушат, мындан ары ушундай болот. Кыргыз тарап суунун 10 пайыздайын пайдаланабыз, калганы 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кетет. Дагы 100 жыл агат. Теңме-тең башкаруу биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонталдан ашып кетпешин көзөмөлдөйбүз, кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, плотинадан ылдый турган айылдарга сугатка суу алып турушубуз керек. Ал 3 101 кожолукту, 3 848 гектар жерди камсыздайт", — деди президент.
Ошондой эле ал чагымчыл маалымат каражаттарынын чагымына алдырбоого чакырды.