https://sputnik.kg/20230927/diniy-atalysh-kooperativder-tyyuu-saluu-1078958782.html
Парламентте диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салуу сунушталды
Парламентте диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү жакында эле диний аталыштагы бир кооператив элди 256 миллион долларга алдап кеткенин айтты. Ага молдолор да ишенип акча салган. 27.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-27T14:51+0600
2023-09-27T14:51+0600
2023-09-27T14:51+0600
кыргызстан
кооператив
дин
аталыш
марлен маматалиев
https://sputnik.kg/img/07e7/02/0f/1072897430_0:0:2436:1370_1920x0_80_0_0_99471b270fcc130298cbbc57128bf2d3.jpg
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салууну сунуштады.Ал Юстиция министрлиги аталышы диний сөздөрдү камтыган мекемелерди уюм катары каттабай коюшу керектигин айтты. Антпесе элдин ишенимин пайдаланып алдап кеткендер четтен чыгууда.Бүгүн парламентте "Кооперативдер жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Депутат ушул сунушту мыйзамга киргизип, динди булгап элдин башын айлантууга тыюу салууга үндөдү.
https://sputnik.kg/20230927/samiykozho-erkekterdi-zordukchul-korsotup-albayly-1078953469.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/0f/1072897430_168:0:2367:1649_1920x0_80_0_0_60afb9eac88aa0f6db5ddffb6c64f6e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кооператив, дин, аталыш, марлен маматалиев
кыргызстан, кооператив, дин, аталыш, марлен маматалиев
Парламентте диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салуу сунушталды
Эл өкүлү жакында эле диний аталыштагы бир кооператив элди 256 миллион долларга алдап кеткенин айтты. Ага молдолор да ишенип акча салган.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салууну сунуштады.
Ал Юстиция министрлиги аталышы диний сөздөрдү камтыган мекемелерди уюм катары каттабай коюшу керектигин айтты. Антпесе элдин ишенимин пайдаланып алдап кеткендер четтен чыгууда.
"Бир кооператив ислам динин жамынып алгандыктан, айылдарда керек болсо молдолор кирип кетиптир. Анан молдону көрүп жөнөкөй жарандар да акча салган. Анын аталышы "Ислам" болчу, ошого карап реалдуу экен деп ишенип алышкан. Азыр бул кооператив элге 256 миллион доллар карыз экен. Дагы бир чоң "бомба" келе жатат. Кооперативдерге кайрыларым, динди жамынып алдабагылачы, силер элди тозокко алып баратасыңар", — деди Маматалиев.
Бүгүн парламентте "Кооперативдер жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Депутат ушул сунушту мыйзамга киргизип, динди булгап элдин башын айлантууга тыюу салууга үндөдү.