https://sputnik.kg/20230929/twitter-hunkanyn-okuyasyn-cenzuralamak-1079022785.html
Маск эски Twitter болгондо Хунканын окуясы билинбей калмактыгын айтты
Маск эски Twitter болгондо Хунканын окуясы билинбей калмактыгын айтты
Sputnik Кыргызстан
Канаданын премьери Жастин Трюдо "кетирилген катачылык" үчүн кечирим сураганы менен жоопкерчилик алуудан баш тартты. 29.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-29T16:33+0600
2023-09-29T16:33+0600
2023-09-29T20:21+0600
дүйнөдө
канада
ярослав хунка
илон маск
цензура
украина
улутчул
https://sputnik.kg/img/07e7/05/11/1075393650_0:18:3072:1746_1920x0_80_0_0_0d21ef6767f2a8cc57b7f798069bf6ec.jpg
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Twitter тармагына ээлик кылбаганда Канада парламентинде украин улутчулу Ярослав Хунканын даңазаланышы билинбей көмүскөдө калмак деген пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Владимир Зеленскийдин сапарынын урматына Канада парламентине орустарга каршы согуштун ардагери деп 98 жаштагы Ярослав Хунканын чакырылышына биринчилерден болуп Оттава университетинин саясат таануучусу Иван Катчановски көңүл бурган. Окумуштуу Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын жоокери болгонун билдирип, далилдерди кошо тиркеген. Аталган дивизия украин улутчулдарынан куралып, Кызыл армияга эле каршы согушпастан еврейлерге, поляк, беларусь жана словактарга жасаган мыкаачылыгы менен да белгилүү болгон. Катчановскинин айтымында, анын жазганын биринчи болуп Forward байкаган. Басылма чуулуу окуяны баяндаган Батыштагы биринчи ЖМК болуп, ушундан кийин гана маалымат желдей тараган.Канаданын премьери Жастин Трюдо "кетирилген катачылык" үчүн кечирим сураганы менен жоопкерчилик алуудан баш тартты. Бул үчүн парламент спикери айыптуу деп табылып, отставкага кетти.
https://sputnik.kg/20230929/kanadada-hunkanyn-fondu-zhabyldy-1079004549.html
канада
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/11/1075393650_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_17b8025503ade577d823d70db24d8b56.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, канада, ярослав хунка, илон маск, цензура, украина, улутчул
дүйнөдө, канада, ярослав хунка, илон маск, цензура, украина, улутчул
Маск эски Twitter болгондо Хунканын окуясы билинбей калмактыгын айтты
16:33 29.09.2023 (Жаңыртылды: 20:21 29.09.2023) Канаданын премьери Жастин Трюдо "кетирилген катачылык" үчүн кечирим сураганы менен жоопкерчилик алуудан баш тартты.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Twitter тармагына ээлик кылбаганда Канада парламентинде украин улутчулу Ярослав Хунканын даңазаланышы билинбей көмүскөдө калмак деген пикирин билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Окуя кандайча билинип калды? MSM (mainstream media, алдыңкы ЖМКлар — ред.) көңүл бурбай эле коюуну чечкен. Эгер илимпоз Twitter тармагына жазып чыкпаса, дүйнө ал тууралуу билмек эмес. Анткени Трюдо (Канаданын премьери) тарыхтан оолактап, окуяны "россиялык дезинформация" деп атады. Эски Тwitter болсо цензурага кабылмак", — деп жазган Х тармагынын колдонуучусу. Анын сөзүнүн аягына аталган соцтармакты былтыр сатып алган Илон Маск "Ооба" деген комментарий калтырган.
Владимир Зеленскийдин сапарынын урматына Канада парламентине орустарга каршы согуштун ардагери деп 98 жаштагы Ярослав Хунканын чакырылышына биринчилерден болуп Оттава университетинин саясат таануучусу Иван Катчановски көңүл бурган. Окумуштуу Хунка ССтин "Галичина" дивизиясынын жоокери болгонун билдирип, далилдерди кошо тиркеген. Аталган дивизия украин улутчулдарынан куралып, Кызыл армияга эле каршы согушпастан еврейлерге, поляк, беларусь жана словактарга жасаган мыкаачылыгы менен да белгилүү болгон. Катчановскинин айтымында, анын жазганын биринчи болуп Forward байкаган. Басылма чуулуу окуяны баяндаган Батыштагы биринчи ЖМК болуп, ушундан кийин гана маалымат желдей тараган.
Канаданын премьери Жастин Трюдо "кетирилген катачылык" үчүн
кечирим сураганы менен жоопкерчилик алуудан баш тартты. Бул үчүн парламент спикери айыптуу деп табылып, отставкага кетти.