https://sputnik.kg/20231016/besh-zhyldyzduu-meymankananyn-kurulushu-bashtaldy-1079509447.html
Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды
Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды
Sputnik Кыргызстан
Эс алуу жайы үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп берген. 16.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-16T11:55+0600
2023-10-16T11:55+0600
2023-10-16T11:55+0600
кыргызстан
ысык-көл
азербайжан
мейманкана
курулуш
каныбек туманбаев
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/09/1054172408_159:0:2835:1505_1920x0_80_0_0_04fecfb97a806bdb3b274d431539c5bc.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Ал заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болорун президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирип, келишим түзүлүп жаткан видеону жарыялады.Туманбаев Кыргызстандын жаратылышы туристтик потенциалы жагынан бир катар өлкөдөн алдыда турарын, бир эле учурда төрт мезгилди көрүүгө болорун белгилеген.Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга мейманкана куруу үчүн Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылга бөлүп берген. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот.Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алары айтылган. Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.
https://sputnik.kg/20231015/kyrgyzstandyn-ichki-dun-produktsiyasy-ostu-1079489367.html
ысык-көл
азербайжан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/09/1054172408_414:0:2421:1505_1920x0_80_0_0_d82dd6524ebdc74fc461c0bbedc8225c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, азербайжан, мейманкана, курулуш, каныбек туманбаев
кыргызстан, ысык-көл, азербайжан, мейманкана, курулуш, каныбек туманбаев
Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды
Эс алуу жайы үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп берген.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Ал заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болорун президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирип, келишим түзүлүп жаткан видеону жарыялады.
Туманбаев Кыргызстандын жаратылышы туристтик потенциалы жагынан бир катар өлкөдөн алдыда турарын, бир эле учурда төрт мезгилди көрүүгө болорун белгилеген.
"Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат. Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат", — деп жазды Туманбаев.
Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга мейманкана куруу үчүн Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылга
бөлүп берген. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот.
Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алары айтылган. Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.
15 Тогуздун айы 2023, 11:57