00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түлөбаев алтын сатып Кытайдан кутулууну талап кылууда. Министр жооп берди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Эл өкүлү коңшу мамлекеттин карызынан кутулууга көп болсо 26-27 тонна алтын кетет деп эсептейт.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып Кытайга болгон карызды төлөөнү талап кылууда.
Ал Улуттук валюта резервинде сакталып турган алтын куймаларын министрлер кабинети колдоно алабы деп сурады.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов учурда резервде 51 тоннадан ашык баалуу металл бар экенин айтып, бирок аны өкмөт колдоно албай турганын белгиледи.
Депутат "анда эмнеге сактап койдуңар?" деп нааразы болду. Жакыпов ал валютаны туруктуу кармап туруу үчүн керектигин билдирди.

"Өткөндө мен айтсам эл жаман көрүп, ар кандай түшүнүк менен карашты. Эмне үчүн колдо турган алтын менен Кытайдан алган карызды төлөп салууга кудуретибиз жетип турса да төлөбөй жатабыз? Жакынкы тарыхта эки тоннадай алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн азыр Кытайга болгон 1,8 миллиард долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо 26-27 тонна алтын кетет экен", — деди Түлөбаев.

Ага финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, Кытайдын эле эмес, жалпы тышкы карызды төлөп коюуга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Бирок мындай шартта пайызы жогорулап кетет да, көбүрөөк төлөп калышарын эскертти.
Ошентсе да Түлөбаев Кытайга карызды дароо төлөп салып, жайбаракат оокат кылуу позициясынан тайбай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё аларын билдирген.
Бирок ага Садыр Жапаров жооп берип, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу пайдасыз экенин айткан.
Сом жана доллар купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Кыргызстан алдыдагы үч жылда карыздын жогорку чегине жетет. Канча акча керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0