https://sputnik.kg/20231025/kyrgyzstan-ai-95-tartysh-1079831563.html
Кыргызстанда АИ-95 бензининин тартыш болуп жаткан себеби айтылды
Кыргызстанда АИ-95 бензининин тартыш болуп жаткан себеби айтылды
Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер Кыргызстанга майдын бул түрү аз келип жатканын белгилешти. 25.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-25T10:01+0600
2023-10-25T10:01+0600
2023-10-25T10:01+0600
кыргызстан
канат эшатов
күйүүчү май
бензин
аи-95
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0f/1054230589_0:257:2887:1881_1920x0_80_0_0_68ebd176c117bc66a902ec5589dc8aa3.jpg
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын өзүндө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга да аз келүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.Белгилей кетсек, бир топ май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жатканы байкалган. Себебин нефтетрейдерлер түшүндүрдү.Ал кырдаал жакшыра баштаганын айтып, Россия күйүүчү майды көбүрөөк сунуштай баштаса абал жөнгө салынарын белгилеген."Биздин ири компаниялар май алып жатышат, бирок өздөрүнүн түйүндөрүнөн ашпай калууда. Ошол себептен чакан жана орто компанияларда АИ-95 бензини жок болуп калып жатат", — деди ал.Ассоциация башчысы бул көйгөй Казакстан менен транзитке байланышы жок экенин кошумчалаган.Эскерте кетсек, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайыздан ашыгы Россиядан алып келинет.
https://sputnik.kg/20231013/benzinge-1-som-zhol-kuruu-maek-1079424419.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0f/1054230589_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_0a8700886a73b834732d15582ad12f14.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, канат эшатов, күйүүчү май, бензин, аи-95
кыргызстан, канат эшатов, күйүүчү май, бензин, аи-95
Кыргызстанда АИ-95 бензининин тартыш болуп жаткан себеби айтылды
Нефтетрейдерлер Кыргызстанга майдын бул түрү аз келип жатканын белгилешти.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын өзүндө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуп жаткандыктан Кыргызстанга да аз келүүдө. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.
Белгилей кетсек, бир топ май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жатканы байкалган. Себебин нефтетрейдерлер түшүндүрдү.
"АИ-95 жок болуп жатканы чын. Бул Россиянын өзүндө тартыш болуп жатканы менен байланыштуу. Заводдор сунуштаган бензин азайгандан азаюуда. Ошол себептен биздин компаниялар каалагандай көлөмдү сатып ала албай жатышат. Чоң компаниялар алгач өздөрүнүн түйүндөрүн май менен камсыз кылышат. Ири компанияларда май бар, бирок алардын айрым май куюучу жайларда үзгүлтүккө учурап калууда", — деген Эшатов.
Ал кырдаал жакшыра баштаганын айтып, Россия күйүүчү майды көбүрөөк сунуштай баштаса абал жөнгө салынарын белгилеген.
"Биздин ири компаниялар май алып жатышат, бирок өздөрүнүн түйүндөрүнөн ашпай калууда. Ошол себептен чакан жана орто компанияларда АИ-95 бензини жок болуп калып жатат", — деди ал.
Ассоциация башчысы бул көйгөй Казакстан менен транзитке байланышы жок экенин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайыздан ашыгы Россиядан алып келинет.
13 Тогуздун айы 2023, 16:11