https://sputnik.kg/20231109/aksh-departament-okul-zhoop-bergen-zhok-1080324031.html
АКШ аткаминери журналисттин Газа боюнча суроосуна жооп бере алган жок. Видео
АКШ аткаминери журналисттин Газа боюнча суроосуна жооп бере алган жок. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ведант Патель журналисттер үчүн уюштурулган Израиль-Палестина чатагы боюнча брифингде... 09.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-09T23:56+0600
2023-11-09T23:56+0600
2023-11-10T10:06+0600
акш
мамлекеттик департамент
газа сектору
журналист
суроо
видео
дүйнөдө
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079942676_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_5a580e8baf447dfce567e28b70756bbc.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ведант Патель журналисттер үчүн уюштурулган Израиль-Палестина чатагы боюнча брифингде узатылган курч суроого так жооп бере алган жок. Ага “мурда сиз ооруканаларга эч качан сокку урулбашы керек деп айткансыз, азыркы учурда дагы ошондой ойдосузбу?” деген суроо берилди.Белгилей кетсек, Изариль-Палестина чатагында Газадагы ооруканаларга ракета менен сокку урулуп, жүздөгөн адам набыт болгон. Алардын көбү балдар жана аялдар экени кабарланган.Жакынкы Чыгыштагы жаңжалИзраиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,5 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.Тараптардын аймактык кызыкчылыгына байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
https://sputnik.kg/20231018/kyrgyzstan-gaza-oorukana-sokku-synga-aluu-1079600398.html
акш
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079942676_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_8d6e11e879ece9340a76e57dc04205b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, мамлекеттик департамент, газа сектору, журналист, суроо, видео, дүйнөдө
акш, мамлекеттик департамент, газа сектору, журналист, суроо, видео, дүйнөдө
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ведант Патель журналисттер үчүн уюштурулган Израиль-Палестина чатагы боюнча брифингде узатылган курч суроого так жооп бере алган жок.
Ага “мурда сиз ооруканаларга эч качан сокку урулбашы керек деп айткансыз, азыркы учурда дагы ошондой ойдосузбу?” деген суроо берилди.
“Мен аскердик операция боюнча эч кандай комментарий бере албайм”, - деди Патель.
Белгилей кетсек, Изариль-Палестина чатагында Газадагы ооруканаларга ракета менен сокку урулуп, жүздөгөн адам набыт болгон. Алардын көбү балдар жана аялдар экени кабарланган.
Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,5 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгына байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
18 Тогуздун айы 2023, 15:01