00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте колу сынып ооруканада көз жумган киши: дарыгерлер иштен четтетилди

© Sputnik / Алексей МайшевМедайым бейтаптын колун перевязкалоо учурунда. Архив
Медайым бейтаптын колун перевязкалоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Маркумдун туугандары медиктер шалаакылык кылып бейтапты өлүмгө жеткиришти деп кине коюп, нааразы болушууда.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте колу сынып, Шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасында (№4 шаардык ооруканага) жаткан бейтап көз жумганын анын жубайы социалдык тармак аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 7-ноябрда жолдошу Азамат Асанкожоев столдон кулап колун сындырып алган. Ооруканада колуна гипс коюп, травматология бөлүмүнө жаткырылган.
"Колу чыдатпай ооругандыктан нөөмөттөгү дарыгерлерге кайрылган, бирок дем алыш болгондуктан алар дарыгерди күтө турууну айтып, ооруну басаңдатуучу укол сайып коюшкан. 13-ноябрда УЗИ гипс коюлганда кан тамырлар кысылып калганын көрсөткөн", — деп жазылат маалыматта.
Бейтаптын абалы начарлап, 14-ноябрда колун кесип салууга туура келген. Тилекке каршы, ошол эле күнү кечинде ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгону айтылды. Асанкожоевдин туугандары медиктердин кайдыгер мамилесине нааразы болуп, бейтапты өлүмгө жеткирди деп айыпташууда.
Оорукананын администрациясы Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат беришти.
Дарыгерлердин айтымында, бейтап аларга 7-ноябрда кайрылган. Колуна гипс салынгандан кийин ооруканага жатуудан баш тартып кеткен. Кайра эртеси, 8-ноябрда, келген.
"Ал дарыгер менен бөлүм башчынын көзөмөлүндө болчу. Колу сынгандыктан операция жасалган. Бирок каза болуп калат деп эч ким ойлогон эмес. 11-ноябрда колу шишип кетип, абалы оорлошкондуктан колун ампутациялоого туура келген. Реанимацияда жасалган аракетке карабай бейтап 14-ноябрда үзүлгөн", — деген медиктер.
Алар экспертиза жүргүзүү үчүн бейтаптын сөөгү сойдурулганын айтып, өлүмүнүн себеби экспертизанын жыйынтыгы менен гана билинерин белгилешти.
Окуяга байланыштуу саламаттык сактоо министри ооруканага барып, кызматтык иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын угуп, дарыгерлерди өлүмдүн себептери такталганга чейин кызматтан бошоткону маалым болду. Маркумдун артында төрт баласы калган.
Хирург операция жасап буткөн учур. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Медиктер Өзгөндө жыныс мүчөсү кесилген кишинин абалы боюнча маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0