https://sputnik.kg/20231129/kara-suu-bazary-kkm-koldonushpajt-1080852237.html
ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады
ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады
Sputnik Кыргызстан
Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтогон. 29.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-29T16:46+0600
2023-11-29T16:46+0600
2023-11-29T18:48+0600
кыргызстан
"кара-суу" базары
митинг
салык
ккм
https://sputnik.kg/img/102308/06/1023080678_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_83f7c0880b068a8cfb867bb47401bf3b.jpg
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери менен жолугуп, ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрмө беришти.Алар "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режими киргизилгенин дагы бир жолу түшүндүрүп, эки базарда иштегендер ККМ, эсеп-фактурасын колдонуудан бошотулганын айтышты. Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтоп, митингге чыккандар тарап кетишкен.Эске салсак, бүгүн, 29-ноябрда, Ош облусунун "Кара-Суу" базарынын соодагерлери ККМ колдонууга каршы экенин айтып, райондук администрациянын алдына митингге чыгышкан.Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары Кыргызстандагы стратегиялык маанидеги объектилерге кирерин айтып, өзгөчө зонадагы салыктык режим "Дордой" менен "Кара-Суу" базарларында гана иштээрин белгилеген. Мындай зонада соода кылгандар көзөмөл кылган кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулары, бирок жылдык соода жүгүртүүсү тууралуу декларация тапшырып, ошого жараша салык төлөй тургандыгы айтылган.
https://sputnik.kg/20231016/patent-zhokko-chygarylat-1079510031.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102308/06/1023080678_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_542a506dd0fdd375a670158846adf519.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
кыргызстан, "кара-суу" базары, митинг, салык, ккм
кыргызстан, "кара-суу" базары, митинг, салык, ккм
ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады
16:46 29.11.2023 (Жаңыртылды: 18:48 29.11.2023) Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтогон.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери менен жолугуп, ККМ аппаратын колдонуу боюнча түшүндүрмө беришти.
Алар "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режими киргизилгенин дагы бир жолу түшүндүрүп, эки базарда иштегендер ККМ, эсеп-фактурасын колдонуудан бошотулганын айтышты. Түшүндүрүү иштеринен кийин нааразычылык акциясы токтоп, митингге чыккандар тарап кетишкен.
Эске салсак, бүгүн, 29-ноябрда, Ош облусунун "Кара-Суу" базарынын соодагерлери ККМ колдонууга каршы экенин айтып, райондук администрациянын алдына
митингге чыгышкан.
Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары Кыргызстандагы стратегиялык маанидеги объектилерге кирерин айтып, өзгөчө зонадагы салыктык режим "Дордой" менен "Кара-Суу" базарларында гана иштээрин белгилеген. Мындай зонада соода кылгандар көзөмөл кылган кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулары, бирок жылдык соода жүгүртүүсү тууралуу декларация тапшырып, ошого жараша
салык төлөй тургандыгы айтылган.
![Патент бланкасы. Архивдик сүрөт Патент бланкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023](https://sputnik.kg/img/101357/40/1013574086_0:806:6017:3212_1920x0_80_0_0_a011d9665413750a9ecdb72aec38951c.jpg)
16 Тогуздун айы 2023, 12:07