Адис өлкөдөгү жеңил өнөр жайдын сапатын сактап калчу ыкманы атады
Жазылуу
"Азиар фэшн" ЖЧКсынын башкы директору Зарылык Иманкулов тигүү тармагынын сапатын сактап калыш үчүн учурда колдонулуп жаткан технологияны өзгөртүү зарылдыгын айтты.
Кыргызстандын жеңил өнөр жайы учурда квалификациясы жогору болгон тикмечилерге муктаж. Бул тууралуу Зарылык Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адис өлкөдөгү жеңил өнөр жайдын сапатын сактап калчу ыкманы атады
Анын айтымында, аталган багытта билим берген окуу жайларга да жаңы технологияларды киргизүү керек.
"Кыргызстандын тигүү тармагы эмне үчүн кыска аралыкта жакшы деңгээлге көтөрүлө алган? Анткени жаңы башталып жаткан учурда бизде диплому бар, тикмечилик квалификациясы жогору болгон адистер көп эле. Алар туура технология менен тигишчү. Учурда көпчүлүгү өз алдынча үйрөнгөндөр болуп кетти. Анан да техниканын өнүгүүсү менен көп иштер компьютер аркылуу бүтө баштады. Биздин тикмечилер болсо ийне кармаганды билбей келишет да, үйрөнүп алган соң бир кийимди өзү жалгыз эле башынан аягына чейин бүтүрүп, акча тапкысы келет. Ооба, бир караганда бул тикмечи үчүн ыңгайлуудай сезилет. Бирок үйүнө алып барып алып, эч кандай тигүү технологиялары сакталбай ушундай жол менен жаралган продукциялар биздин сапатка чоң кедергисин тийгизип, Кыргызстандын тигүү тармагынын көп жылдан бери топтоп келе жаткан аброюн түшүрүүдө. Ири буюртма ээлерин качырууда. Андыктан биз мурдагы эле СССР учурундагыдай операциялык тигүү технологиясына өтүшүбүз керек. Бир кийимди даяр кылып чыгарыш үчүн орто эсеп менен 24 операция талап кылынат. 24 адистин колунан чыккан буюм гана сапаты сакталып, талапка жооп берет. Биз тикмечилерди үйрөткөндө да мында ушундай операциялык технология менен окутушубуз керек", — деди Иманкулов.
Ал учурда тигүү цехтери өздөрү операциялык технологияны үйрөтүп, жаңы агымды пайда кылууга далалат кылып жатканын кошумчалады.