https://sputnik.kg/20231215/sadyr-zhaparov-kyrgyzstan-salyk-salym-1081270670.html
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
Президент эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керек деп эсептейт. 15.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-15T12:53+0600
2023-12-15T12:53+0600
2023-12-15T13:26+0600
кыргызстан
садыр жапаров
элдик курултай
салык
инвестор
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0f/1081272022_0:137:2048:1289_1920x0_80_0_0_adf054791f61de2b2c8fe11466124ec2.jpg
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгилейм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.Анын айтымында, салыксыз элдин социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт.Ал эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керектигин белгиледи."Инвесторлорду өлкөнү каптап же жерибизди тартып алууга аракет кылган душман катары көрбөшүбүз керек. Ар бир инвестордун максаты — киреше алуу. Алар өз ишин аткаруу менен катар коом үчүн жалпы пайдалуу натыйжаны да берет. Ар бирибиз инвесторлорго колдоо көрсөтүшүбүз керек. Эгер ишканалар курулса жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, элдин жашоо-турмушунун жакшырышына өбөлгө болот", — деди президент.Sputnik Кыргызстан агенттиги II Элдик курултай боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.
https://sputnik.kg/20231215/sadyr-zhaparov-tyshky-karyz-1081268571.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0f/1081272022_214:169:1857:1401_1920x0_80_0_0_bcca46fb902b3e3c86db5a7b77786d55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, элдик курултай, салык, инвестор
кыргызстан, садыр жапаров, элдик курултай, салык, инвестор
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды
12:53 15.12.2023 (Жаңыртылды: 13:26 15.12.2023) Президент эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгилейм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, салыксыз элдин социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт.
"Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында пенсияларды, жөлөк пулдарды, эмгек акыны жогорулата алдык. Болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объектилерди курууга жана жүздөгөн жаңы жолдорду салууга жетиштик. Салыксыз күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт. Сапаттуу медицина жана билим дагы болбойт. Ошондуктан салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карашыбыз керек. Башка сөз менен айтканда, салык эмес, салым катары кабыл алыңыздар", — деди Жапаров.
Ал эл инвесторлорго болгон мамилесин дагы өзгөртүшү керектигин белгиледи.
"Инвесторлорду өлкөнү каптап же жерибизди тартып алууга аракет кылган душман катары көрбөшүбүз керек. Ар бир инвестордун максаты — киреше алуу. Алар өз ишин аткаруу менен катар коом үчүн жалпы пайдалуу натыйжаны да берет. Ар бирибиз инвесторлорго колдоо көрсөтүшүбүз керек. Эгер ишканалар курулса жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, элдин жашоо-турмушунун жакшырышына өбөлгө болот", — деди президент.
Sputnik Кыргызстан агенттиги II Элдик курултай боюнча
тексттик трансляция жүргүзүүдө.
15 Бештин айы 2023, 11:59