https://sputnik.kg/20240105/arstan-alaj-kaza-boldu-olum-1081759329.html
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жылдын 29-декабрында ал №31 мекемеде жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. 05.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-05T14:33+0600
2024-01-05T14:33+0600
2024-01-06T11:02+0600
кыргызстан
арстанбек абдылдаев
каза болду
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0c/1050757789_0:396:2048:1548_1920x0_80_0_0_a92a245f7e24a9598aed5833f16da99b.jpg
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев өмүрүнө кол салып каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын өлүмүнүн чоо-жайы боюнча маалымат таратты.Билдирмеге ылайык, Абдылдаевдин сөөгү 5-январда саат 05:15тер чамасында №31 дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасынан табылган.Белгилей кетсек, ал узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып, УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган. 16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу. 28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.Анда кошумчалангандай, сөөктү алгачкы кароодо жаракаттар табылган эмес, өлүмдүн себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.
https://sputnik.kg/20230909/akyjkatchy-monitoring-1-tergoo-abagy-sayasatchylar-1078469450.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0c/1050757789_0:139:2048:1675_1920x0_80_0_0_d455b1e22d98489bc05d77949254cda9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, арстанбек абдылдаев, каза болду, өлүм
кыргызстан, арстанбек абдылдаев, каза болду, өлүм
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды
14:33 05.01.2024 (Жаңыртылды: 11:02 06.01.2024) Өткөн жылдын 29-декабрында ал №31 мекемеде жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Арстан Алай деген ат менен белгилүү
Арстанбек Абдылдаев өмүрүнө кол салып каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын өлүмүнүн чоо-жайы боюнча маалымат таратты.
Билдирмеге ылайык, Абдылдаевдин сөөгү 5-январда саат 05:15тер чамасында №31 дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасынан табылган.
Белгилей кетсек, ал узаган жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып, УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан
камакка алынган.
16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу
чечимин чыгарган болчу.
28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.
29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган. Анда такталбаган психикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу, өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору деген дарттар коюлган. Клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган", — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Анда кошумчалангандай, сөөктү алгачкы кароодо жаракаттар табылган эмес, өлүмдүн себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.