https://sputnik.kg/20240111/tim-ekvador-kyrgyzstandyktar-1081858122.html
ТИМ кыргызстандыктарды башаламандыктан улам Эквадорго барбай турууга чакырды
ТИМ кыргызстандыктарды башаламандыктан улам Эквадорго барбай турууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
Учурда Эквадордо абал тынч эмес. Мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык болуп, президент Даниэль Нобоа 40 күндүк өзгөчө кырдаал режимин киргизген. 11.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-11T10:03+0600
2024-01-11T10:03+0600
2024-01-11T10:05+0600
кыргызстан
эквадор
мекендештер
тим
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e8/01/0b/1081857877_0:0:3068:1727_1920x0_80_0_0_705dd1a7301124322e5d533da78ec2a8.jpg
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эквадордо каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматына таянып кабарлады.Билдирмеге караганда, кыргыз жарандары консулдук каттоодо да жок.ТИМ өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор жаралган учурда мекендештер министрликтин Консулдук департаментинин 996 999 312 002 номерине жана элчиликтин +1 202 256 2924 телефонуна кайрылса болорун эскертти.Белгилей кетсек, учурда Эквадордо абал тынч эмес. Аталган өлкөдө мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык башталып, түрмөлөрдө бунт чыгып ири банданын лидери качып кеткенден кийин өлкө президенти Даниэль Нобоа 40 күндүк өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бирок бийликтин мындай кадамы башаламандыкты ырбатып, кылмышкерлер унааларды өрттөп, полиция кызматкерлерин уурдап, жарылуучу заттарды колдонушкан.
https://sputnik.kg/20231225/rossiya-timi-serbiyadagy-bashalamandyk-boyuncha-pikirin-bildirdi-1081515464.html
эквадор
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/0b/1081857877_337:0:3068:2048_1920x0_80_0_0_9e9cee5845c420aa7c2fbc0921d501a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, эквадор, мекендештер, тим, эскертүү
кыргызстан, эквадор, мекендештер, тим, эскертүү
ТИМ кыргызстандыктарды башаламандыктан улам Эквадорго барбай турууга чакырды
10:03 11.01.2024 (Жаңыртылды: 10:05 11.01.2024) Учурда Эквадордо абал тынч эмес. Мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык болуп, президент Даниэль Нобоа 40 күндүк өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Эквадордо каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, кыргыз жарандары консулдук каттоодо да жок.
"Эквадордун Кито шаарында башамаландык уланууда. Кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардан полиция кызматкерлери жана жай тургундар көз жумган. Алардын арасында КР жарандары жок. Министрлик Эквадордун ичинде саякаттабай жана ушул убакта аталган өлкөгө барбай турууга чакырат", — деп айтылат кабарда.
ТИМ өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор жаралган учурда мекендештер министрликтин Консулдук департаментинин 996 999 312 002 номерине жана элчиликтин +1 202 256 2924 телефонуна кайрылса болорун эскертти.
Белгилей кетсек, учурда Эквадордо абал тынч эмес. Аталган өлкөдө мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык башталып, түрмөлөрдө бунт чыгып ири банданын лидери качып кеткенден кийин өлкө президенти Даниэль Нобоа 40 күндүк
өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бирок бийликтин мындай кадамы башаламандыкты ырбатып, кылмышкерлер унааларды өрттөп, полиция кызматкерлерин уурдап, жарылуучу заттарды колдонушкан.
25 Бештин айы 2023, 14:15