https://sputnik.kg/20240116/zhurnalistter-uyun-tintuu-iim-1081950813.html
Журналист, блогерлердин үйү тинтилип, суракка чакырылды. ИИМ себебин айтты
Журналист, блогерлердин үйү тинтилип, суракка чакырылды. ИИМ себебин айтты
Sputnik Кыргызстан
Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча дарек боюнча иликтөө иштерин улантып жатканы кошумчаланды. 16.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-16T11:30+0600
2024-01-16T11:30+0600
2024-01-16T11:30+0600
кыргызстан
иим
блогер
журналист
тинтүү
кылмыш иши
башаламандык
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081949935_0:253:3189:2047_1920x0_80_0_0_672d02c575c2fc96577ddbba231ed90c.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. ИИМ бир катар журналист, блогерлердин жашаган, иштеген жерлери текшерилип, суракка алып келиниши боюнча маалымат берди.Буга чейин социалдык тармакта айрым ЖМК өкүлдөрү жана блогерлердин үйүндө, кеңсесинде тинтүү болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.Ички иштер министрлиги буга чейин интернетте мониторинг жүргүзүлгөнүн айтып, "Айт, айт десе" жана Temirov Live аталышындагы соцбаракчалардан башаламандыкка чакырган белгилер аныкталганын белгилеген. Бул иш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча дарек боюнча иликтөө иштерин улантып жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20240115/ukmk-24-kzh-tintuu-1081933566.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081949935_6:0:2735:2047_1920x0_80_0_0_834fc77246ca0b18fd67b92775ef728a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, блогер, журналист, тинтүү, кылмыш иши, башаламандык
кыргызстан, иим, блогер, журналист, тинтүү, кылмыш иши, башаламандык
Журналист, блогерлердин үйү тинтилип, суракка чакырылды. ИИМ себебин айтты
Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча дарек боюнча иликтөө иштерин улантып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. ИИМ бир катар журналист, блогерлердин жашаган, иштеген жерлери текшерилип, суракка алып келиниши боюнча маалымат берди.
Буга чейин социалдык тармакта айрым ЖМК өкүлдөрү жана блогерлердин үйүндө, кеңсесинде тинтүү болуп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Ички иштер министрлиги буга чейин интернетте мониторинг жүргүзүлгөнүн айтып, "Айт, айт десе" жана Temirov Live аталышындагы соцбаракчалардан башаламандыкка чакырган белгилер аныкталганын белгилеген. Бул иш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
"2024-жылдын 12-январында экспертизанын корутундусу чыгып, ага ылайык, "Айт, айт десе", Temirov Live аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар экени аныкталды. ИИМдин тергөө кызматы экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча дарек боюнча иликтөө иштерин улантып жатканы кошумчаланды.