https://sputnik.kg/20240125/ukmk-deputat-zhamgyrchievdin-emnege-karmagandygyn-aytty-1082159919.html
Кетип калууну көздөгөн. УКМК депутат Жамгырчиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү
Кетип калууну көздөгөн. УКМК депутат Жамгырчиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлүнө карата козголгон ишти иликтөө аягына чыгып бара жатканын айтышты. 25.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-25T10:05+0600
2024-01-25T10:05+0600
2024-01-25T10:06+0600
кыргызстан
депутат
эмил жамгырчиев
камак
сот
чек ара
укмк
салим байбача
https://sputnik.kg/img/07e7/04/13/1074574939_0:112:2145:1319_1920x0_80_0_0_21ebe26f457a161329c6e7fb5d3ef2d9.jpg
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чек арадан мыйзамсыз өттү деп күнөөлөнүп жаткан ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөдөн жашырынып, коңшу өлкөгө кайрадан мыйзамсыз чыгууга аракет кылган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.Кечээ парламентарийге мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн факт боюнча күнөө тагылгандан кийин баш коргоо чарасы каралып, ушул жылдын 26-февралына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү ал парламенттин имаратынын экинчи кабатынан секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын айткан. Анткени эл өкүлү айыпталып жаткан иш оор кылмышка кирбейт. Ташиев депутатты тергөөчүгө келүүгө чакырган.УКМК төрагасынын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден "эки досту" (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган.
https://sputnik.kg/20240115/zhaparov-deputat-imamidin-tashov-zhana-emil-zhamgyrchiev-tuuraluu-1081931584.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/13/1074574939_215:0:2106:1418_1920x0_80_0_0_07c85c2a64d768abd3231d97c33e78df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, депутат, эмил жамгырчиев, камак, сот, чек ара, укмк, салим байбача
кыргызстан, депутат, эмил жамгырчиев, камак, сот, чек ара, укмк, салим байбача
Кетип калууну көздөгөн. УКМК депутат Жамгырчиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү
10:05 25.01.2024 (Жаңыртылды: 10:06 25.01.2024) Эл өкүлүнө карата козголгон ишти иликтөө аягына чыгып бара жатканын айтышты.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Чек арадан мыйзамсыз өттү деп күнөөлөнүп жаткан ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөдөн жашырынып, коңшу өлкөгө кайрадан мыйзамсыз чыгууга аракет кылган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кечээ парламентарийге мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн факт боюнча күнөө тагылгандан кийин баш коргоо чарасы каралып, ушул жылдын 26-февралына чейин УКМКнын
тергөө абагына киргизилген.
"Тергөө Жамгырчиев качып, из жашырып кете турганы боюнча маалымат алган. Мындай мүмкүнчүлүгү болгондуктан ага күнөө тагылып, камакка алынды. Депутатка козголгон ишти тергөө аяктап калды. Жакында соңуна чыгып сот органдарына жөнөтүлөт. Ал жактан парламентарийдин күнөөсү бар-жогу боюнча чечим чыгат", — деп айтышты УКМКдан.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап
Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга
макулдугун берген. Ошол эле күнү ал парламенттин имаратынын экинчи кабатынан
секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын айткан. Анткени эл өкүлү айыпталып жаткан иш оор кылмышка кирбейт. Ташиев депутатты тергөөчүгө келүүгө чакырган.
УКМК төрагасынын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден "эки досту" (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.
12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган.