00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Париж фермерлердин нааразылыгынан улам блокадага даярданууда

© AP Photo / Thomas PadillaПариж фермерлердин нааразылыгынан улам блокадага даярданууда
Париж фермерлердин нааразылыгынан улам блокадага даярданууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2024
Жазылуу
Акцияны дүйшөмбү күнү баштап, кеминде беш күнгө созууну пландап жатышат.1
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Франция өкмөтүнүн саясатына нааразы болгон фермерлер шаарга, ири азык-түлүк базарына алып баруучу негизги автожолдорду бөгөп, Парижди курчап баштаганын жар салышты. Ал эми буга жооп кылган ИИМ 15 миң полиция кызматкерин, сооттолгон техникаларды жана тик учактарды алып келди.
РИА Новости Франциянын Айыл чарба кесиптик бирликтеринин улуттук федерациясы (FNSEA) менен Jeunes Agriculteurs профсоюзу борборго товарларды алып киргенге мүмкүн болбогондой кылып Парижди толук курчап алууга ниеттенип жатканын да билдирди.
Акцияны дүйшөмбү күнү баштап, кеминде беш күнгө созууну пландап жатышат.
Активисттер Парижге кирген сегиз шоссенин баарын тосуп алууга аракет кылышууда. Андан сырткары, калаанын маанилүү делген эки — Руасси-Шарль-де-Голль жана Орли аэропортторунун, Европа масштабындагы азык-түлүк боюнча "Рюнжи" ири базарынын жолдорун да тосуп алуу пландары бар. Буга жооп кылып коргонуу линиясын койгон ИИМ шоссени ээлеп, префектураны калдыктарга толтуруп койгон дыйкандарды кууп таратпай тургандыктарын, себеби алар талаптарын мыйзамдын чегинде билдирип жаткандыгын айткан.
Борбордук Иль-де-Франс аймагында 15 миңден ашык полиция кызматкери жүрөт. Француз жандармериясы фермерлер жолун тособуз деп жаткан базарга сооттолгон автоунааларды айдап келген.
ИИМ башчысы Жеральд Дарманен "Рюнжи" базарын, аэропортторду, Парижди жана ири шаарларды басып алуу — кызыл чек, андыктан полиция тракторлордун ири шаарларга кирбешине кепил болушу шарт экенин, негизи эле Парижде бир дагы трактор жүрбөшү керектигин айткан. Полиция ок өтпөс машиналарды колдонорун жана тракторлордун кыймылына тик учактан көзөмөл жасаларын билдирген.
Анткен менен фермерлердин артка кайтчу түрү жок. Премьер-министр Габриэль Атталь сунуштаган чаралар жетишсиз экенин жана айыл чарбасындагылардын билдирген нааразылыгына жооп бербей турганын айтышкан.
Премьерлик кызматта болгону 2,5 аптадан бери иштеп жаткан Атталь жума күнү кечинде фермерлердин кепке келишин, нааразылыкты токтотууну талап кылган билдирүүсү менен чыккан. Өкмөт башчы бийлик айыл чарба багытында колдонулган дизель салыгын кымбаттатпайт деген убадасын берген. Бул — аграрийлердин талаптарынын бири. Ал ЕБ менен Меркосур өлкөлөрүнүн ортосундагы эркин соода кылуу боюнча келишимге Франция каршы экенин эске салган. Фермерлердин пикиринде, бул адилетсиз атаандаштыкка шарт түзөт.
Жекшембиде Атталь "дыйкандар билдирген нааразылык боюнча аягына чейин жооп бербегендигин" билдирип, "адилетсиз атаандаштыкка каршы" кошумча чараларды жарыялоого убада кылган. Айрыкча, француз дыйкандарга Франция азык-түлүк импорттогон өлкөлөрдө уруксат берилген бир катар химикаттарды колдонууга тыюу салынгандыгын белгилеген. Айыл чарба министри Марк Фенонун айтымында, жаңы чаралар тууралуу 30-январда маалымат берилет.
Францияда акыркы аптада фермерлердин нааразылыгы күчөдү. Алар маанилүү болгон автотрассаларды бөгөп, автокыймылдарды тракторлор, түктөлгөн чөптөр, кык менен менен тосуп салууда. Буга катар айыл чарбанын маанилүүлүгүн таанууну талап кылып, өкмөттүн бул жааттагы саясатын сындашууда. Тагыраагы, дыйкандар айыл чарба азыктарынын сырттан ташылып келишине, сугатта сууну пайдаланууда коюлган чектөөгө, дизелдин баасынын көтөрүлүшүнө жана ошондой эле экологияны коргоо чараларына, өндүрүшкө түшкөн финансылык салмактын оорлошуна нааразы болушууда.
Владимир Зеленский, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Париждеги жолугушууда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан улам Франция менен Германияда чатак чыгып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0