00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Стоматологияда чарчап калган бөбөк. Сот дарыгерди камактан чыгарган себебин айтты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСтоматолог иш учурунда
Стоматолог иш учурунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2024
Жазылуу
Судья Туратбекова биринчи чакырууда эле тергөө органдарына барганы эске алынганын айтты. Мындан тышкары, ага коюлган айыптар оор эмес кылмыштар категориясына кирет.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Стоматологияда үч жашар кыздын өлүмүнө айыпталган анестезиологду камакка алууну суранган тергөөчүлөр анын качып кетерине эч кандай далил келтире алышкан жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, биринчи инстанциядагы сот тергөөчүлөр медик Айнура Туратбекованын туруктуу жашаган жери жок экенин билдиргендиктен камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок апелляциялык инстанциядагы соттор анестезиологдун туруктуу жашаган жери тууралуу документи бар экенин аныкташкан.
"Колдогу материалдарга таянсак, Айнура Туратбекова Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Санарип министрлигинде бул боюнча маалым кат бар. Айыпталып жаткан келин Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында жашайт. Кечээки жыйында документтин баары көрсөтүлдү. Анын үстүнө 2023-жылдын 18-22-декабрында жана 2024-жылдын 11-13-январында ал тергөөгө чакырылып, көрсөтмө берген. 13-январда кармалып, камалган", — деген Динеев.
Судья Туратбекова биринчи чакырууда эле тергөө органдарына барганы эске алынганын да белгилеген. Мындан тышкары, ага коюлган айыптар оор эмес кылмыштар категориясына кирет.
"Оор эмес кылмыштар категориясы боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзамдарга ылайык, эгер айыпталып жаткан адам буга чейин издөөдө болсо, туруктуу жашаган жери жок болсо же өздүгү аныкталбаса камалат. Баш коргоо чарасын өзгөртүүдө айыпталуучунун атасы ооруп жатканын эске алган жокпуз", — деген Динеев.
Эске салсак, анестезиолог кечээ үй камагына чыгарылган. Буга чарчап калган бөбөктүн жакындары нааразы болуп Жогорку соттун имаратынын алдына пикетке чыгышкан. Декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул иш боюнча Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткенин белгилеген.
Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз кетонал менен анальгин препараттарын колдонуудан өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон улам көз жумганын көрсөткөн.
Дарыны шприцке тартып жаткан медицина кызматкери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2024
Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөккө эмне дарылар сайылганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0