00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров бөйрөктү акысыз алмаштырган операциянын шартын түшүндүрүп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Жазылуу
Президент эң башкысы гемодиализ алып жаткан бейтап донор табышы керектигин айтып, донор боло алчулардын тизмесин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койгонун белгилеген.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда акысыз бөйрөк алмаштыруу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, бийликтин бул жааттагы пландары менен бөлүштү.
Президент Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдө учурда 2 500дөн ашык адам гемодиализ аларын, анын ичинен азыркы тапта 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык көрүп жатканын белгилеген.
"Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Эки медициналык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымын (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Азыр алардын ар бирине гемодиализ үчүн мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Жалпы суммасын эсептесек 2 500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгым дароо токтойт", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы бөйрөккө акысыз операция жасоо менен бийлик биринчиден бейтаптарга жардам берип, экинчиден акча үнөмдөй турганын белгилеген. Ал мындай операциялар чет жакта 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин болсо, Кыргызстанда арзан жасаларын кошумчалаган.
"2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен", — деген ал.
Садыр Жапаров эң башкысы гемодиализ алып жаткан бейтап донор табышы керектигин айтып, донор боло алчулардын тизмесин кеңейтүүгө жол берген мыйзамга кол койгонун белгилеген.
Ооруканадагы бөйрөк алмаштыруу операциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Садыр Жапаров бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0