https://sputnik.kg/20240208/nato-mamleketteri-ozdorunrossiya-kastashyp-zhatat-dep-eseptebeyt-1082539192.html
Шольц: НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен кармашып жатат деп эсептебейт
Шольц: НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен кармашып жатат деп эсептебейт
Sputnik Кыргызстан
Канцлер Батыштын колдоосуна карабай Украина жакын арада курал-жарак жана ок-дары тартыштыгына тушугарын белгилеген. 08.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-08T10:21+0600
2024-02-08T10:21+0600
2024-03-10T18:31+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
германия
россия
украина
атайын операция
нато
олаф шольц
https://sputnik.kg/img/07e8/02/08/1082537815_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_9d93d3d286f0bd7f2b2d17e0baf691e4.jpg
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен кармашып жана касташкан мамиледебиз деп эсептебей тургандыктарын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.Анын айтымына караганда, альянс өлкөлөрү НАТОну Украинадагы жаңжалга "тартуу" аракетине каршы турушат.Канцлер Батыштын колдоосуна карабай Украина жакын арада курал-жарак жана ок-дары тартыштыгына тушугарын белгилеген. Бир катар финансылык милдеттенмелер аягына чыкканын, ал эми башкаларын узартуу керектигин айткан.Россия Украинадагы атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай берген.РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Киевге багытталган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Ал НАТО өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берип "от менен ойноп жатышканын" эскерткен.Кремль Киев бийлигин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жатканы менен негиздеген.
https://sputnik.kg/20240123/ukrainadan-ulam-frantsiya-menen-germaniyada-chataktasha-ketti-1082113697.html
германия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/08/1082537815_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_8ac055d626eed5edba9676c2ec608bbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, россия, украина, атайын операция, нато, олаф шольц
дүйнөдө, германия, россия, украина, атайын операция, нато, олаф шольц
Шольц: НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен кармашып жатат деп эсептебейт
10:21 08.02.2024 (Жаңыртылды: 18:31 10.03.2024) Канцлер Батыштын колдоосуна карабай Украина жакын арада курал-жарак жана ок-дары тартыштыгына тушугарын белгилеген.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц НАТО өлкөлөрү өздөрүн Россия менен кармашып жана касташкан мамиледебиз деп эсептебей тургандыктарын айткан. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Өзүбүздү Россия менен кармашып жаткан өлкөлөрбүз деп эсептебейбиз жана Россия менен касташууга умтулбайбыз", — деп Шольцтун жазган макаласын Wall Street Journal жарыялаган.
Анын айтымына караганда, альянс өлкөлөрү НАТОну Украинадагы жаңжалга "тартуу" аракетине каршы турушат.
Канцлер Батыштын колдоосуна карабай Украина жакын арада курал-жарак жана ок-дары тартыштыгына тушугарын белгилеген. Бир катар финансылык милдеттенмелер аягына чыкканын, ал эми башкаларын узартуу керектигин айткан.
Россия Украинадагы атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай берген.
РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Киевге багытталган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Ал НАТО өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берип "от менен ойноп жатышканын" эскерткен.
Кремль Киев бийлигин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизерин айткан. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жатканы менен негиздеген.