https://sputnik.kg/20240227/uchurda-eaehbde-segiz-zhany-tekhreglament-ishtelip-chyguuda-1082986438.html
ЕАЭБде иштелип чыккан 8 жаңы техрегламенттин экөө айыл чарбасына тиешелүү
ЕАЭБде иштелип чыккан 8 жаңы техрегламенттин экөө айыл чарбасына тиешелүү
Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева ЕАЭБдеги техникалык регламенттердин аткарылышы... 27.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-27T12:38+0600
2024-02-27T12:38+0600
2024-02-27T12:38+0600
радио
кыргызстан
еаэб
техникалык регламент
өндүрүш
коопсуздук
назгүл каарбаева
https://sputnik.kg/img/07e8/02/1b/1082986547_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_229f143d93fe734959ee32144563a605.jpg
ЕАЭБде иштелип чыккан 8 жаңы техрегламенттин экөө айыл чарбасына тиешелүү
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде иштелип чыккан 8 жаңы техрегламенттин экөө айыл чарбасына тиешелүү
Учурда Евразия экономикалык биримдигинде сегиз жаңы техникалык регламенттин долбоору иштелип, анын экөө агроөнөр жай комплексине тиешелүү. Бул тууралуу Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ЕАЭБдин аймагында азык өндүрбөгөн үй жаныбарлары үчүн тоюттун коопсуздугу, тоют жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу жөнүндө эки техникалык регламент иштеп баштайт.Ошондой эле адис ЕАЭБде техникалык регламенттердин натыйжалуу аткарылышы боюнча дайыма иштер жүрүп, өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган чаралар колдонуларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/1b/1082986547_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_d835a7211690a2eb9d3552e4f5b9ed98.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, техникалык регламент, өндүрүш, коопсуздук, назгүл каарбаева, аудио
кыргызстан, еаэб, техникалык регламент, өндүрүш, коопсуздук, назгүл каарбаева, аудио
ЕАЭБде иштелип чыккан 8 жаңы техрегламенттин экөө айыл чарбасына тиешелүү
Айыл чарба министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева ЕАЭБдеги техникалык регламенттердин аткарылышы, көзөмөлдөө иштери тууралуу айтты.
Учурда Евразия экономикалык биримдигинде сегиз жаңы техникалык регламенттин долбоору иштелип, анын экөө агроөнөр жай комплексине тиешелүү. Бул тууралуу Назгүл Каарбаева
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин аймагында азык өндүрбөгөн үй жаныбарлары үчүн тоюттун коопсуздугу, тоют жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу жөнүндө эки техникалык регламент иштеп баштайт.
"Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 52 техникалык регламент кабыл алынып, анын 47си күчүнө кирген. 18 техрегламент агроөнөр жай комплексине тиешелүү. Мисалы, №21 регламент тамак-аш коопсуздугуна, №22 техрегламент тамак-аш азыктарын маркалоого, №33 техникалык регламент сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугуна багытталган. Учурда дагы сегиз жаңы техникалык регламенттин долбоору иштелип жатат. Анын экөө агроөнөр жай комплексине кирет. Алсак, азык өндүрбөгөн үй жаныбарлары үчүн тоюттун коопсуздугу, тоют жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент кошулду. Учурда бардык тараптар коюлган талаптарды аткаруу боюнча иш алып барып, көзөмөлдү күчөтөт", — деди Каарбаева.
Ошондой эле адис ЕАЭБде техникалык регламенттердин натыйжалуу аткарылышы боюнча дайыма иштер жүрүп, өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган чаралар колдонуларын кошумчалады.