https://sputnik.kg/20240329/turizmdin-potencialyn-zhogorulatuu-programmalary-ishtelip-chygyshy-kerek-1083814068.html
Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек
Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, туризм багыты боюнча эксперт Азамат Жаманкулов өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу үчүн... 29.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-29T12:30+0600
2024-03-29T12:30+0600
2024-03-29T12:30+0600
радио
кыргызстан
туризм
маданият
инфраструктура
мейманкана
азамат жаманкулов
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1b/1083755647_0:9:3067:1734_1920x0_80_0_0_39e31365474f186eac40203fd43acb1b.jpg
Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек
Sputnik Кыргызстан
Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек
Ар бир облустун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасы иштелип чыгып, аны аткаруу ыкмалары тандалышы керек. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, окутуулар мейманкана иштетүү, гиддердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу, туристтик операторлор жана тамак-аш даярдоочу жайлардын өкүлдөрү арасында болушу кажет.Ошондой эле адис ар бир облус, шаардын уникалдуулугун эске алып, өнүктүрүү программаларын түзүү керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1b/1083755647_322:0:3051:2047_1920x0_80_0_0_750f11593598dc7cd5cc463b546ed440.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, туризм, маданият, инфраструктура, мейманкана, азамат жаманкулов, аудио
кыргызстан, туризм, маданият, инфраструктура, мейманкана, азамат жаманкулов, аудио
Эксперт: облустарда туризмди илгерилетчү программалар иштелип чыгышы керек
Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, туризм багыты боюнча эксперт Азамат Жаманкулов өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу үчүн окутууларга көңүл буруу керектигин айтты.
Ар бир облустун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасы иштелип чыгып, аны аткаруу ыкмалары тандалышы керек. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окутуулар мейманкана иштетүү, гиддердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу, туристтик операторлор жана тамак-аш даярдоочу жайлардын өкүлдөрү арасында болушу кажет.
"Кыргызстандагы туризмдин ишин жакшыртууда бир катар комплекстүү иш-чаралар болушу керек. Ар бир облустун туризмди өнүктүрүү стратегиясынын алкагында туризм тармагынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу программасы иштелип чыгып, аны аткаруу ыкмалары тандалышы керек. Учурда мындай программанын алкагында Ошто мейманкана иштетүү, гиддердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу, туристтик операторлор жана тамак-аш даярдоочу жайлардын кызматкерлерин окутуудан өткөрүүдөбүз. Өлкөнүн түштүгүндө туризм жыл бою иштеп, меймандарды кабыл алат. Бул жактан кооз жаратылышты, тарыхы бай маданий-архитектуралык жайларды, көп кырдуу салт-санааны, тамак-ашты табууга болот. Бирок кызмат көрсөтүүнүн жогорку тепкичтерине чыгуу үчүн окутууларга басым жасоо абзел", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле адис ар бир облус, шаардын уникалдуулугун эске алып, өнүктүрүү программаларын түзүү керектигин кошумчалады.