00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

12 жылдык окуу моделине өтүү. Министрдин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Акбар АкжигитовБилим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын комплекстүү өзгөртө турган "Алтын казык" программасы тууралуу айтып берди.
Мектепке даярдоо бала бакчаларга өтүп, нөлүнчү класстар биринчи болуп өзгөрөт. Натыйжада мектептер 12 жылдык окуу моделине өтөт. Бул тууралуу Догдуркүл Кендирбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
12 жылдык окуу моделине өтүү. Министрдин түшүндүрмөсү
Анын айтымында, 12 жылдык окутуу модели дүйнөнүн 155 өлкөсүндө кирген.
"Билим берүү тармагында реформа ЖРТ киргенде, анан нөлүнчү класстар ачылганда болгон. Калгандары фрагменталдуу болуп, кайсы бир региондо же пилоттук түрдө жасалган өзгөртүүлөр. Ал эми учурда сунушталган "Алтын казык" программасы аталган тармакты толугу менен комплекстүү өзгөртөт. Анда бала бакчалар көбүрөөк баланы камтып, мектептер 12 жылдык окуу моделине өтөт. Мындан тышкары, Сингапурдун билим берүү стандарттарында жазылган 46 аталыштагы окуу китептери алынат. Ошондой эле башкарууну, жалпы эле билим берүү мекемелерин оптималдаштыруу максатталууда. 12 жылдык окуу модели дүйнөнүн 155 өлкөсүндө колдонулат. Демек, биздин балдар глобалдык эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай даярдалат. Муну менен бирге окуучуларга кесиптик багыт берүү киргизилет. Азыркы тапта 157 миң бала 1-класска бара турган болсо, анын 120 миңи нөлүнчү класстан даярдыктан өтөт. Ал эми 26 миң бөбөк бала бакчадан келип кошулат. Болжол менен 20 пайыздайы эч жакка барбай калууда. 12 жылдык окууга өткөндө бардык балдар камтылат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүүгө өтөт. Учурда кыска мөөнөттөгү 560 өнүктүрүү борбору даярдалууда. Алар 40 миң баланы мектепке чейинки билим берүүгө тартууга жол ачат. Ошондой эле бала бакчаларда 2 600 класс түзүлүп, 60 миң баланы окутат. Ал эми бала бакчаларды көбөйтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп, тийиштүү жеңилдиктер берилди. Ошондо мектепке даярдоо бала бакчаларга өтөт. Ал эми учурдагы нөлүнчү класстар биринчи класс болуп калат. Бул шартта бала азыркыдай эле 17-18 жашында мектепти аяктайт", — деди Кендирбаева.
Ошондой эле ал коомчулук кооптонуп, ата-эне балдарынын билимине түпөйүл болуп жатканы кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0