https://sputnik.kg/20240403/zhynystyk-katnashka-mazhburlagan-chet-eldik-karmaldy-1083935189.html
Чогуу эс алган кыздарды опузалап акча алган деп чет өлкөлүк жаран кармалды
Чогуу эс алган кыздарды опузалап акча алган деп чет өлкөлүк жаран кармалды
Sputnik Кыргызстан
Шектүү алгач кыздар менен таанышып, жолугууга чакырып, андан соң аларды кылтакка илип жүргөн. 03.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-03T16:57+0600
2024-04-03T16:57+0600
2024-04-03T16:57+0600
кыргызстан
кылмыш
укмк
интим
кыздар
https://sputnik.kg/img/103840/65/1038406544_0:632:6016:4016_1920x0_80_0_0_94dbced8f1c79a237311d115ae891b53.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.Билдирмеге караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкектен Египеттин Е.А.Р.С. аттуу 24 жаштагы жараны кармалды.Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 30-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.Учурда аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
https://sputnik.kg/20240401/chatkan-ken-uyushkan-kylmyshtuu-top-1083871169.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103840/65/1038406544_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_95f9040c885d886f3af0c25c0f98aae9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кылмыш, укмк, интим, кыздар
кыргызстан, кылмыш, укмк, интим, кыздар
Чогуу эс алган кыздарды опузалап акча алган деп чет өлкөлүк жаран кармалды
Шектүү алгач кыздар менен таанышып, жолугууга чакырып, андан соң аларды кылтакка илип жүргөн.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.
Билдирмеге караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкектен Египеттин Е.А.Р.С. аттуу 24 жаштагы жараны кармалды.
"Ал жаш кыздарды чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процессти (спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды, интим жана башка) аудио-видеого жашыруун жаздырып, аларды интернетке жарыялайм деп опузалап акча талап кылган, андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 30-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Учурда аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.