11-14-апрель күндөрү Бишкек жана Ошто орус кинофестивалы өтөт
Жазылуу
"Кыргыз тасмасы" мамлекеттик концернинин директору Талантбек Төлөбеков орус киносунун көрсөтүүлөрү Кыргызстанда 2021-жылдан бери өткөрүлүп келерин айтты.
11-апрелден 14-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында Россиянын жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин, Россиянын Кинофондунун, ошондой эле "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен орус кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Талантбек Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
11-14-апрель күндөрү Бишкек жана Ошто орус кинофестивалы өтөт
Анын айтымында, фестивалда түрдүү жанрдагы мыкты тасмалар көрсөтүлөт (фантастика, үй-бүлөлүк комедия, масштабдуу космостук драма, кырсык жана аскердик тарыхый кино).
"Бишкекте фестивалдык иш-чаралардын борбору "Манас" кинотеатры болсо, Ошто "Семетей" кинотеатры иш-чаранын коноктору үчүн эшигин ачат. Кинокөрсөтүүнүн программасына акыркы жылдары тартылган ар түрдүү жанрдагы көрүнүктүү беш россиялык тасмасы кирди. Алсак, режиссер Алексей Германдын "Аба" аскердик-тарыхый драмасы, Клим Шипенконун "Чакырык" аттуу космосто тартылган биринчи тасмасы, "Чортон балыктын буйругу менен" жомогу (реж. Александр Войтинский), "Чебурашка" үй-бүлөлүк комедиясы (реж. Дмитрий Дьяченко) жана Борис Хлебниковдун "Жут чымчык" фильми коюлат. Тасмалар орус тилинде жана кыргызча субтитрлери менен акысыз көрсөтүлөт. Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен "Роскино" тарабынан уюштурулган Россия киносунун көрсөтүүлөрү Кыргызстанда 2021-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылдын өзгөчөлүгү эки чоӊ шаарда өтүп жаткандыгында. 2025-жылы фестиваль дагы кулачын жаймакчы. Ушул жылдын ичинде биз дагы кыргыз кинолорун Россиянын аймагында көрсөтүүнү пландап жатабыз. Фестивалдын алкагында Россиянын Мамлекеттик кинофонду жана "Кыргыз тасмасы" мамлекеттик кино борборунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлат. Келишимде архивдик киноматериалдарды сактоо, реставрациялоо, улуттук киномурастарды сактоого көмөктөшүүчү профессионалдык тажрыйба жана учурдагы технологиялар менен алмашуу, сейрек кездешүүчү киноматериалдарды изилдөө жана атрибуциялоо жаатында биргелешкен иш жүргүзүү каралган. Ошондой эле маданий байланыштарды бекемдеп, маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн өз ара жагымдуу шарттарды түзүүгө, фестивалдарды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, атайын тематикалык кинолорду көрсөтүү, конференцияларды уюштуруу максатталып жатат", — деди Төлөбеков.
Ал аталган кинофестиваль Россия менен Кыргызстандын гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн алкагында маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп каларын кошумчалады.