Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калыбеков: Жазуучулар союзунун "расмий тилемчиси" болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков. Архив
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Нурлан Калыбеков 90 жылдык тарыхы бар Жазуучулар союзуна жетекчи болуп, жаштардын сүрөөнү менен келгенин айтты.
2019-жылы союзга жетекчи болуп шайланарда "Жазуучулар союзун карызынан куткарам, кеңсе маселесин чечем" деген жалындуу убаларды берген элем. Убадама туруу үчүн союздун "расмий тилемчисине" айланууга туура келди. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Калыбеков: Жазуучулар союзунун "расмий тилемчиси" болдум
Анын айтымында, 2022-жылы союздун 1,5 миллион сомдук карызы кечилди.

"Улуттук жазуучулар союзу коомдук уюм. Аны жетектеген киши аткаминер деле болуп эсептелбейт. Андыктан мен тамаша иретинде өзүмдү союздун "расмий тилемчисимин" деп койсом кээ бир калемдештериме жакпай калчу. Чынында 80 жылдык тарыхы бар уюмдун абалы абдан начар болуп турган эле. Мен муну президенттин кабыл алуусунда болгондо айтсам, өлкө башчысы бир эле союздар эмес, бүтүндөй мамлекеттик структуралардын чарбасы кейиштүү абалда экенин айтып "чыдай тургула" деген эле. Жалгыз өзүм деп айтуудан алысмын, жапа тырмак киришип, тиешелүү министрлик, өкмөттүн көңүл буруусу, маданиятка болгон туура саясаттын негизинде Жазуучулар союзунун да чарбасы бир топ оңолуп калды. 1,5 миллион сомдук топтолуп калган карызы жоюлду. Кеңсеси туш тарабынан таланып, ижарага берилип кеткен экен, кайтарылып, калыбына келтирилип, ремонт иштери жасалууда. Былтыртан тарта 15 миллион сомдук долбоор кирди. Бир топ сыйлыктар уюштурулду. Буга чейин Алыкул Осмонов атындагы жана Тоголок Молдо атындагы эки сыйлыгы болуп, алардын да 10 миң сомдук сый акысы кээде берилип, кээде берилбей калчу экен. Биз прозаиктер үчүн Мукай Элебаев атындагы республикалык сыйлыкты уюштурдук. Анын каржы маселесин жердештери чечип беришти. Эми ар эки жылда берилип турат. Котормочулар үчүн Узакбай Абдукаимов атындагы сыйлык киргиздик. Анын да жакындары каржы маселесин чечип турмай болду, ар эки жылда 100 миң сомдон. Адабий сын жанрын колдоо максатында Болот Акматов сыйлыгы уюштурулду, ал да 100 миңден. "Алтын калем" сыйлыгына 100 миң сомдон бериле турган кылып, улуттук сыйлыкка айланттык. Анын ичинде балдар адабияты, орус тилдүү адабияттар, жалпысынан жети багыт каралган. Айтор, колубуздан келишинче иштедик. Мен жаштардын шары менен бул уюмга жетекчи болуп келгем, ошолор мага дем-күч берип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушту, — деди Калыбеков.

Ал Жазуучулар союзунун мындан ары да өнүгө турган мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0