00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адабият оор жоготууга учурады. Бийликтин Жолочу Рысбаевге жазылган некрологу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүГүл кармаган киши. Архив
Гүл кармаган киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Рысбаев радиоугармандар менен телекөрүүчүлөргө “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Шибеге” радиоуктурууларын, “Мыскыл жана тамаша” телеберүүсүн тартуулаган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз эл акыны, сатирик, фельетончу Жолочу Рысбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыяланды.
Рысбаев 75 жашында 30-апрелде көз жумган.
“Кыргыз эли, улуттук адабияты оор жоготууга учурады”, — деп жазылган некрологдо.
Жолочу Рысбаев Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны 1974-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Алгачкы чыгармачылык жана эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Телерадиоберүү боюнча мамлекеттик комитетинде редактор болуп баштап, андан кийин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору кызматын аркалаган. Ал кыргыз радиоугармандары менен телекөрүүчүлөрүнө “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Шибеге” радиоуктурууларынын редактору, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон “Мыскыл жана тамаша” телеберүүсүнүн алгачкы уюштуруучусу жана автору катары таанымал болгон.
2005-жылдан 2010-жылга чейин Чүй облусунун “Сары-Өзөн” телерадиокомпаниясында улук редактор болуп иштеген. 2010-жылдан тартып 2012-жылга чейин “Кыргыз радиосунун” кабарчысы болгон.
Кыргыз тилинде “Чырмоок”, “Коңгуроо” , “Ой шумдук”, “Оозуңа таш” , “Ап-чихи чүчүңүз” , “Мен Мидин эмесмин, Мидин мен эмес”, “Ачуу-таттуу аралаш”, “Какабасаң муштабайт элем”, “Сары тикендүү сатиралар” жана “Аарынын уусу ачуу, балы таттуу” жана башка сатиралык чыгармалары, орус тилинде “Тысяча и одна улыбка”, “Солнечный край” китептери жарык көргөн. Эл арасында кеңири белгилүү “Жар-жар” жана “Сулууларга суктанууга акым бар” деген обондуу ырлардын автору.
Жолочу Рысбаев өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланган, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны ардактуу наамдары ыйгарылган.
1988-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Ноокатта Ош облусундагы акыркы ардагер Карабай Бозорбоев көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0