Кайрадан нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди

© AP Photo / Gemunu AmarasingheНөшөр жаан. Архив
Нөшөр жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Майдын башы жаан-чачындуу болмокчу.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 4-6-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Паркта эс алып отурган аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0