9-Майды утурлай. Бишкекте Георгий тасмасын каяктан акысыз алса болот?

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүГеоргий тасмасы. Архив
Георгий тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мекенди коргоодо эрдик көрсөткөндөрдүн урматына кийимдерине лента тагып келишет.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жеңиш күнүнө карата борбордо “Георгий тасмасы” акциясы башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Маалыматка ылайык, акция жыл сайын өткөрүлүп келет. Дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мекенди коргоодо эрдик көрсөткөндөрдүн урматына кийимдерине лента тагып келишет.
"Русский дом" шаардыктар лентаны акысыз алса болорун, бир колго 20 даанасы берилерин айтты. Ал эми 20дан көп тасма алууну каалаган уюмдар билдирме толтурушу керек. Лентаны 8-майга чейин күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Эркиндик проспекти, 2/1 дарегинен келип алып кетүүгө болот.
Бишкек шаарындагы Өчпөс полк жүрүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Кыргызстанда быйыл "Өчпөс полк" жүрүшү өтпөйт. ИИМ себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0