8 мамлекеттеги РФтин окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү Бишкекте көчөт отургузушту. Видео

Жазылуу
Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын жогорку мектебинин сегиз өлкөдөн келген бүтүрүүчүлөрү Бишкекте көчөт отургузушту. Акциянын кадрларын биздин видеодон көрүңүз
Иш-чара Россия Федерациясынын президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн II эл аралык форумунун алкагында өттү. Жолугушууга 30дан ашык адам катышты.
Борбор калаага Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү чогулду. Алар Бишкектин түштүгүндөгү "Ынтымак" паркына 20дан ашык көчөт отургузушту.
Форумдун жүрүшүндө аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүү маселеси да талкууланды. Ал бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык байланышын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, заманбап менеджерлерди даярдоого көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн.
КРСУнун Россиянын ЖОЖдору менен түзгөн макулдашуусу эмне берет? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
КРСУнун Россиянын ЖОЖдору менен түзгөн макулдашуусу эмне берет? Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0