https://sputnik.kg/20240505/manas-teatry-kitep-marafongo-chakyrat-1084841604.html
Исаков: театрга каалоочулар келип манас угуп кетсе болот
Исаков: театрга каалоочулар келип манас угуп кетсе болот
Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, манасчы Рысбай Исаков "Манас" улуттук театры бир эле эпоско эмес, өнөр ээлерине да кам көрүүнү көздөөрүн айтты. 05.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-05T16:19+0600
2024-05-05T16:19+0600
2024-05-05T16:19+0600
радио
манас
театр
манасчы
рысбай исаков
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068922406_211:237:2855:1724_1920x0_80_0_0_0d992255061d638b3903de7b48f7da24.jpg
КРдин эл артисти, манасчы Рысбай Исаков "Манас" улуттук театры бир эле эпоско эмес, өнөр ээлерине да кам көрүүнү көздөөрүн айтты.Анын айтымында, аталган театр бир гана манасчылар үчүн эмес, төкмөчүлүк, дастанчылык өнөрүн алып жүргөндөрдүн да иш орду болуп эсептелет."Театр ачылганда "артист болуп кетишеби", "ыкшоо тартып калышабы" деген кептер айтылды. Бирок манасчылар дайым эле элдин сыйында жүргөнбүз, андыктан мындан маселе жаралбайт. Анткени театр бир эле өнөр ээлери үчүн эмес, ошол манасчылыкка суусагандар үчүн кызмат кылчу жай болот. Азыр жаңы имаратыбызда бир аз жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ал бүткөн соң атайын кезек уюштурулуп, элге "Манас" эпосунан айтабыз. Каалоочуларга ар дайым эшигибиз ачык. Манасчыны же баяндагы окуяны тандап алып угушса болот. Муну менен катар эле театрдын жеке китепканасын толтуруу максатында китеп марафонун жарыяладык, ал жакка келип китеп тапшырып кетиңиздер",— деди Исаков.Ал "Манас" улуттук театрында аймактардагы ардагер манасчылардын да эмгеги бааланып, маяна берилерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068922406_288:0:3017:2047_1920x0_80_0_0_2fe6a8e639772d14c2fcb501b0584681.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
манас, театр, манасчы, рысбай исаков
манас, театр, манасчы, рысбай исаков
Исаков: театрга каалоочулар келип манас угуп кетсе болот
КРдин эл артисти, манасчы Рысбай Исаков "Манас" улуттук театры бир эле эпоско эмес, өнөр ээлерине да кам көрүүнү көздөөрүн айтты.
"Манас" боюнча бардык учурларда күн сайын жылыш болуп келген. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынан бери эле бардык бийлик тушунда иштер жасалган. Бүгүнкү күндө бир эле эпоско эмес, ошол өнөрдү көтөрүнүп жүргөндөргө камкордук болууда. Театрдын ачылышы, ага "улуттук" деген статустун берилиши мунун далили десек болот. Мындай пикирин Рысбай Исаков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган театр бир гана манасчылар үчүн эмес, төкмөчүлүк, дастанчылык өнөрүн алып жүргөндөрдүн да иш орду болуп эсептелет.
"Театр ачылганда "артист болуп кетишеби", "ыкшоо тартып калышабы" деген кептер айтылды. Бирок манасчылар дайым эле элдин сыйында жүргөнбүз, андыктан мындан маселе жаралбайт. Анткени театр бир эле өнөр ээлери үчүн эмес, ошол манасчылыкка суусагандар үчүн кызмат кылчу жай болот. Азыр жаңы имаратыбызда бир аз жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ал бүткөн соң атайын кезек уюштурулуп, элге "Манас" эпосунан айтабыз. Каалоочуларга ар дайым эшигибиз ачык. Манасчыны же баяндагы окуяны тандап алып угушса болот. Муну менен катар эле театрдын жеке китепканасын толтуруу максатында китеп марафонун жарыяладык, ал жакка келип китеп тапшырып кетиңиздер",— деди Исаков.
Ал "Манас" улуттук театрында аймактардагы ардагер манасчылардын да эмгеги бааланып, маяна берилерин кошумчалады.