00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кынтыксыз деңгээл. Путин Кытай менен мамилеге баа берди

© AP Photo / Mark SchiefelbeinРоссия жана Кыты мамлекеттик желектери. Архив
Россия жана Кыты мамлекеттик желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2024
Жазылуу
Мамлекеттин башчысы Кытай инаугурациядан кийинки сапарга аттанган биринчи мамлекет экенин белгиледи.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кытайга 16-17-майда болчу сапарынын алдында "Синьхуа" агенттигине интервью берген.
Мамлекет башчы Кытай менен түзүлгөн кынтыксыз өз ара өнөктөштүктү белгилеп, соода жаатындагы ийгиликтерди жана Украинадагы чатакты жөндөөнүн келечеги тууралуу кеп кылган. Маектешүүнүн тексти Кремлдин сайтына жарыяланган.

Инаугурациядан кийинки барган биринчи өлкө

Мамлекеттин башчысы Кытай инаугурациядан кийинки сапарга чыккан алгачкы мамлекет экенин белгиледи.
"Өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн дал ушул кынтыксыз деңгээли Россия президентинин кызматына расмий киришкенден кийин сапарга чыккан биринчи өлкө болсун деп Кытайды тандоомо себепкер болду", — деген ал.
Президент Кытай башчысы Си Цзиньпин менен боло турган жолугушууну маанилүү маселелер боюнча пикир алышуу деп баалады. Муну менен катар эле эл аралык күн деминде Москва менен Пекиндин позициялары бир жерден чыгарын айтты.
Путин Москва менен Пекин эл аралык укуктардын үстөмдүгүн, БУУнун борбордук ролундагы комплекстүү коопсуздукту колдой турганын белгилеген. Эки өлкө тең Батыш өзү ойлоп таап алган эрежелерге таянган жалганчы жана бетпактык саясатын таңуулаганын четке кагарын айткан.

Товар алмашуу артты

Батыштагы экономикалык көйгөйлөр күч алып турган чакта Россия менен Кытайдын азыркы жыйынтыгы тандаган суверендүү курс туура экенин көрсөтүп келерин белгилеген. Анын айтымында, Москва менен Пекин көзү жетип, билип, экономикалык жактан өз ара пайдалуу болгон багытта бара жатат.
Мамлекет башчы эки тараптуу соода учурда 20 триллион рубль же дээрлик 1,6 триллион юанды түзгөнүн айтты.
"Кытай биздин иштиктүү өнөктөштүктөгү башкы орунду 13 жылдан бери ээлеп келет, Россия 2023-жылы КЭРдин коммерциялык контрагенттеринин арасындагы рейтингде төртүнчү орунга көтөрүлдү", — деген Путин.
Акыркы беш жылда Кытай менен Россия товар алмашууну 111 миллиарддан 227,8 миллард долларга жогорулатты. Ал эми компаниялар арасындагы эсептешүүлөрдүн 90 пайызы улуттук валютада жүрүп жатат.
Президент эки тараптуу экономикалык байланыштардын келечегине ишенимин билдирип, Пекин менен Москва өнөр жайда, космосто, атомду тынчтык багытта колдонууда жана башка бир катар жаңычыл тармактарда кызматташууга умтуларын белгиледи.

"Башкысы – кепилдиктердин ишенимдүүлүгү"

Батыш дүйнө түзүлүшүн эл аралык багытта эмес, өзүнүн менчик эрежелеринде деп эсептегендиктен, Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө башкы көйгөй кепилдиктердин ишенимдүүлүгү болуп саналат.
"Бул чатакты тынчтык жолу менен туруктуу, адилеттүү, комплекстүү жөнгө салууну каалайбыз. Украина боюнча диалогго ачыкпыз, бирок бул кармашка катышкан бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде биздин да кызыкчылык эске алынышы керек", — деген мамлекет башчысы.
Ал анткен менен Украина жана анын Батыштагы "кожоюндары" тең ата, ачык жана таза сүйлөшүүлөргө даяр эместигин белгилеген. Андан сырткары, Кытайдан украин кризисин жөнгө салуудагы мамилесине оң баасын берген.

Бардык пландар ишке ашат

Путин Батыш элитасы Россияны обочолонтуп, тизелетип, алсыратып, активдерин мыйзамсыз тартып алып "жазалагысы" келгени менен мамлекеттин алдына койгон бардык максаттары, пландары ишке ашарын ишенимдүү айткан. Бул үчүн россиялыктарда эрк, тиешелүү ресурс жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин белгилеген.
РФ экономикасы ири жана кубаттуу болгон планетадагы төрттүккө кирүүгө ниеттенип жатканы айтылды.
"Муну менен катар эле бардык тармактардын майнаптуу өнүгүүсү, жарандарыбыздын бакубаттуулугунун өсүшү биз үчүн биринчи орунда", — деп кошумчалаган Путин.
РФ президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Путин менен Си Цзиньпин АКШнын багытын кабыл албоо боюнча пикирин билдиришти
Жаңылыктар түрмөгү
0