https://sputnik.kg/20240517/rossiya-amerika-evrobirimdik-zhmk-maalymat-tyyuu-1085222308.html
Евробиримдик төрт ЖМКнын ишине тыюу салды, анын ичинде РИА Новости да бар
Евробиримдик төрт ЖМКнын ишине тыюу салды, анын ичинде РИА Новости да бар
Sputnik Кыргызстан
Мария Захарованын айтымында, Россиянын бир эле жалпыга маалымдоо каражаты негизсиз чектөөлөргө дуушар болсо Россиядагы Батыштын журналисттеринин ишинде да дал... 17.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-17T21:09+0600
2024-05-17T21:09+0600
2024-05-18T10:17+0600
дүйнөдө
россия
америка
евробиримдик
жмк
маалымат
чектөө
тыюу салуу
https://sputnik.kg/img/103079/89/1030798913_0:164:3060:1885_1920x0_80_0_0_070a6e45a2c6d81e2b80eb710fb0372a.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жума күнү Евробиримдик өзүнүн аймагында бир катар ЖМКлардын маалымат таратуусуна тыюу салды. Анын арасында РИА Новости, "Известия", "Российская газета" жана Voice of Europe бар. Бул тууралуу ЕБдин расмий сайтында жазылган.Ошол эле учурда документте бул чечим ЕБ аймагында аталган ЖМКлардын жана анын кызматкерлеринин интервью жана иликтөөлөрдөн башка ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылбай турганы белгиленген.РИА Новости жазгандай, Москва эгерде россиялык медиаларга жана журналисттердин ишине чектөөлөр киргизиле турган болсо Батышка дароо катуу жооп кыла тургандыгын эскерткен. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, Россиянын бир эле жалпыга маалымдоо каражаты негизсиз чектөөлөргө кабыла турган болсо, Россиядагы Батыштын журналисттеринин ишинде да ошондой абал жаралат.ЕБ кеңешинин бул чечими тууралуу Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитет башчысынын биринчи орун басары Алексей Чепа пикирин билдирген.Батышта россиялык ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча абал акыркы жылдары оорлошууда. 2016-жылдын ноябрында Европарламент Россиянын маалымат каражаттарына каршы туруу зарылдыгы боюнча резолюция кабыл алып, эң коркунучтуулары Sputnik жана RT деп аташкан. Батыштын көптөгөн саясатчылары, анын ичинде америкалык сенатор, конгрессмендер жана Франциянын президенти эч кандай далилдерди келтирбей туруп аталган ЖМКларды АКШ менен Франциядагы шайлоолорго кийлигишти деп айыпташкан. Россиянын расмий өкүлдөрү алардын мындай билдирүүлөрүн жөн гана куру сөз деп сыпатташкан.Акыркы учурларда ЕБ Россиянын ири ЖМКларына каршы алардын маалыматтарын Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагында жайылтууга тыюу салган санкцияларды киргизген. Мындай чечимдер сотторго же ЕБдеги медиарынок үчүн жоопкер болгон улуттук көзөмөлдөөчүлөргө кайрылбай туруп кабыл алынган.
https://sputnik.kg/20240312/sanktsiya-rossiyany-alsyrata-algan-zhok-1083361351.html
америка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103079/89/1030798913_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_893171a53dc901c78b652370fd4148a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, америка, евробиримдик, жмк, маалымат, чектөө, тыюу салуу
дүйнөдө, россия, америка, евробиримдик, жмк, маалымат, чектөө, тыюу салуу
Евробиримдик төрт ЖМКнын ишине тыюу салды, анын ичинде РИА Новости да бар
21:09 17.05.2024 (Жаңыртылды: 10:17 18.05.2024) Мария Захарованын айтымында, Россиянын бир эле жалпыга маалымдоо каражаты негизсиз чектөөлөргө дуушар болсо Россиядагы Батыштын журналисттеринин ишинде да дал ошондой абал болот.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жума күнү Евробиримдик өзүнүн аймагында бир катар ЖМКлардын маалымат таратуусуна тыюу салды. Анын арасында РИА Новости, "Известия", "Российская газета" жана Voice of Europe бар. Бул тууралуу ЕБдин расмий сайтында жазылган.
"Бүгүн Европа биримдигинин кеңеши Россияны пропагандалаган жана Украинага каршы агрессияны жайылткан төрт ЖМКны: Voice of Europe, РИА Новости, "Известия" жана "Российская газетанын" Евробиримдиктин аймагында чыгышына тыюу салуу чечимин кабыл алды", — деп жазылган ЕБдин расмий сайтында.
Ошол эле учурда документте бул чечим ЕБ аймагында аталган ЖМКлардын жана анын кызматкерлеринин интервью жана иликтөөлөрдөн башка ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылбай турганы белгиленген.
РИА Новости жазгандай, Москва эгерде россиялык медиаларга жана журналисттердин ишине чектөөлөр киргизиле турган болсо Батышка дароо катуу жооп кыла тургандыгын эскерткен. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, Россиянын бир эле жалпыга маалымдоо каражаты негизсиз чектөөлөргө кабыла турган болсо, Россиядагы Батыштын журналисттеринин ишинде да ошондой абал жаралат.
ЕБ кеңешинин бул чечими тууралуу Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитет башчысынын биринчи орун басары Алексей Чепа пикирин билдирген.
"Түрлүү согуш жүрүп жатат, анын ичинде маалыматтык согуш да бар. Алар бул күрөштө жеңилип бараткандарын түшүнүшүп, болгон бардык ыкманы колдонуп көрүшүүдө. Анткени силер чындыкты чагылдырасыңар, алар чындыктан коркушат. Мындан улам бул согушта биздин өлкөгө болушунча зыян келтирүү үчүн бардык чараларды көрүшүүдө", — деген ал РИА Новости агенттигине.
Батышта россиялык ЖМКлардын ишмердүүлүгү боюнча абал акыркы жылдары оорлошууда. 2016-жылдын ноябрында Европарламент Россиянын маалымат каражаттарына каршы туруу зарылдыгы боюнча резолюция кабыл алып, эң коркунучтуулары Sputnik жана RT деп аташкан. Батыштын көптөгөн саясатчылары, анын ичинде америкалык сенатор, конгрессмендер жана Франциянын президенти эч кандай далилдерди келтирбей туруп аталган ЖМКларды АКШ менен Франциядагы шайлоолорго кийлигишти деп айыпташкан. Россиянын расмий өкүлдөрү алардын мындай билдирүүлөрүн жөн гана куру сөз деп сыпатташкан.
Акыркы учурларда ЕБ Россиянын ири ЖМКларына каршы алардын маалыматтарын Евробиримдик өлкөлөрүнүн аймагында жайылтууга тыюу салган санкцияларды киргизген. Мындай чечимдер сотторго же ЕБдеги медиарынок үчүн жоопкер болгон улуттук көзөмөлдөөчүлөргө кайрылбай туруп кабыл алынган.