00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:55
4 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
4 мин
Ачык кеп
Айыл чарбасына багытталган арзан насыя – Дыйкан, фермерлер насыя алууда кандай тоскоолдуктарга кабылууда?
23:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттар аралык кагылышууну тутантууга жол берилбейт. Өкмөттүн билдирүүсү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлек кабинети. Архив
Министрлек кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2024
Жазылуу
Бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көргөнү белгиленген.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутантуу аракеттерин кескин айыптай турганын айтып, билдирүү таратты.
Анда эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтар төгүндөлгөн.
"Укук коргоо органдары бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт, элибиз достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көргөнү белгиленип, укук коргоо органдары коомдук тартипти бузууга аракеттенгендерди токтотору кошумчаланган.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
Саламаттык сактоо министрлиги башаламандыктан 29 киши жабыркаганын кабарлады.
Бишкек шаарындагы КР ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2024
Бишкектеги түнкү башаламандык. ТИМ жалган маалымат таратпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0