00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акыркы 10 жылда импорттолгон оюнчуктардын сапаты кыйла жакшырды

© Sputnik / Асель СыдыковаОоруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2024
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова өлкөдөгү оюнчуктардын сапаты кандай көзөмөлдөнөрүн айтты.
Көпчүлүк ата-эне балдарына оюнчук алып берип, тилин тапканына ыраазы болуп, анын сапатына анчейин маани бербейт. Оюнчуктун сапатын жытынан, пластмассанын өңүнөн эле байкаса болот. Бул тууралуу Мария Кушубакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Акыркы 10 жылда импорттолгон оюнчуктардын сапаты кыйла жакшырды
Анын айтымында, Кыргызстанда бир да оюнчук өндүрүүчү болбогондуктан дээрлик баары чет өлкөдөн келет.
"Өндүрүүчү же импорттоочу жүргүзүлгөн сыноолордун негизинде продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына жооп берерин билдирген декларациясы болот. Биздеги сатылган товарлардын кээ биринин эле сертификациясы бар. Алардын катарына оюнчуктар да кирет. Өлкөгө алып келинген бардык оюнчуктардын сертификациясы болушу керек. Аталган товар бизге 60тан ашык мамлекеттен келсе, анын 80 пайызы Кытайдан ташылат. ЕАЭБ мамлекеттеринен келген товар "Оюнчуктардын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине жооп берет. Ал эми Кытайдан келген оюнчуктардын сертификациясы жок. 2004-жылы балдардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирүүчү уулуу оюнчуктардын көбөйүп жатканы айтылгандан тартып эле лабораториялык изилдөөлөр байма-бай жүрүп келет. Анда үч жашка чейинки балдардын резинадан жасалган оюнчуктарынан уулуу заттар табылган. Алсак, фенол, формальдегид, дибутилфталат, толуол сыяктуу өӊ, жыт берүүчү химиялык заттар максималдуу жол берилген концентрациядан ашык колдонулганда дем алуу органдарын начарлатып, баланын өсүшүн кечеңдетет. Көпчүлүк ата-энелер балдарына оюнчук алып берип, тилин тапканына ыраазы болуп, анын сапатына анчейин маани бербейт. Оюнчуктун сапатын жытынан, пластмассанын өңүнөн эле байкаса болот. Ошондой эле сапаттуу, балага зыянсыз оюнчуктун баасы беркилерден алда канча кымбат турат. Учурда оюнчуктарды (өзгөчө үч жашка чейинки балдардын оюнчуктары) пландуу түрдө лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүп турабыз. 2010-жылга чейин жыйынтыктар 90 пайыз начар чыкса, азыр абал кыйла эле жакшырды. Мисалы, азыр 50 оюнчуктун 7-8инен гана уулуу заттар табылышы мүмкүн. Сапатты Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин же Стандартташтыруу жана метрология борборунун лабораториясынан текшертсе болот. Бирок акыркы убакта ишкерлер бизге келбей, жеке лабораторияларга кайрылышууда", — деди Кушубакова.
Ал мыйзамга байланыштуу жеке ишкерлерди толук көзөмөлгө алуу кыйын болуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0