https://sputnik.kg/20240608/slovakiya-premeri-rossiya-ukraina-sokku-1085925973.html
Словакия премьери Украинанын Россияга сокку урууга уруксат алганы боюнча үн катты
Словакия премьери Украинанын Россияга сокку урууга уруксат алганы боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
Фицо Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген. 08.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-08T19:22+0600
2024-06-08T19:22+0600
2024-06-08T19:22+0600
россия
украина
словакия
премьер-министр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/06/08/1085923850_0:39:3072:1767_1920x0_80_0_0_6a26b67e658648b7c1fd82cb8bb33c8c.jpg
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кээ бир өлкөлөрдүн Киевге Россиянын аймагына Батыштын куралдары менен сокку урууга уруксат бергени алардын жаңжалды курчутуу ниетин көрсөтүп турат. Бирок Словакия мындай аскердик авантюраларга азгырылбайт. Бул тууралуу премьер-министр Роберт Фицонун айтымына таянып РИА Новости жазды. Ал Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген.Шаршембиде Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда Украинага алыс аралыкка атуучу курал-жарактарды бергендерге Москва тиешелүү жооп кайтара аларын билдирген. Мамлекет башчысы Россия Киевди ракета менен камсыздаган мамлекеттердин "сезимтал" объектилерине сокку урууга мүмкүн болгон аймактарга курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын кошумчалаган.Акыркы убактарда Киевге бир нече Батыш өлкөсү куралы менен Россияга сокку урууга уруксат берди. Атап айтканда, АКШ Украинага берилген курал менен Харьков облусуна чектеш Россиянын аймагындагы буталарга сокку урууга макул болгон. Ошол эле учурда Вашингтон ATACMS ракеталары жана башка алыс аралыкка атуучу курал менен Украинанын чек арасынан тышкары жакка сокку урууга салган тыюусун күчүндө калтырды.
https://sputnik.kg/20240607/zho-bayden-rossiya-batysh-sogush-1085877666.html
украина
словакия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/08/1085923850_240:0:2969:2047_1920x0_80_0_0_78218d44a00143d5f8b28516d40b6e42.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, украина, словакия, премьер-министр
россия, украина, словакия, премьер-министр
Словакия премьери Украинанын Россияга сокку урууга уруксат алганы боюнча үн катты
Фицо Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кээ бир өлкөлөрдүн Киевге Россиянын аймагына Батыштын куралдары менен сокку урууга уруксат бергени алардын жаңжалды курчутуу ниетин көрсөтүп турат. Бирок Словакия мындай аскердик авантюраларга азгырылбайт. Бул тууралуу премьер-министр Роберт Фицонун айтымына таянып
РИА Новости жазды.
"Батыш өлкөлөрүнүн Украинага Россиянын аймагындагы буталарга чабуул жасоо үчүн куралын колдонууга макулдук бергени, алардын тычтыкты эмес, Россия менен тирешүүнү күчөтүүнү каалап жатканынан кабар берет. Словакиянын премьер-министри катары мен өлкөнү мындай аскердик авантюраларга аралаштырбайм", — деген Фицо.
Ал Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген.
Шаршембиде Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда Украинага алыс аралыкка атуучу курал-жарактарды бергендерге Москва тиешелүү жооп кайтара аларын билдирген. Мамлекет башчысы Россия Киевди ракета менен камсыздаган мамлекеттердин "сезимтал" объектилерине сокку урууга мүмкүн болгон аймактарга курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын кошумчалаган.
Акыркы убактарда Киевге бир нече Батыш өлкөсү куралы менен Россияга сокку урууга уруксат берди. Атап айтканда, АКШ Украинага берилген курал менен Харьков облусуна чектеш Россиянын аймагындагы буталарга сокку урууга макул болгон. Ошол эле учурда Вашингтон ATACMS ракеталары жана башка алыс аралыкка атуучу курал менен Украинанын чек арасынан тышкары жакка сокку урууга салган тыюусун күчүндө калтырды.