00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине тиешем жок

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2024
Жазылуу
Президент мындан ары жеке кызыкчылыктарын ишке ашырам дегендерге жол берилбеши керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга карата чыккан соттун чечимине менин эч кандай тиешем жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде билдирди.
Ага журналист: “Камактагылардын бардыгы бошотулду. Бул сот ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткандар дагы, аларды колдогон активисттер дагы адилеттүү чечим болгонун айтып, сизге ыраазычылык билдиришүүдө. Соттун чечимине кандайдыр бир тиешеңиз барбы?” — деген суроо узаткан.

“Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Анын мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экенин сындаганга да акыбыз жок”,— деди Жапаров.

Өлкө башчыга соттун чечимине кандай комментарий берет элеңиз деген да суроо узатылган.

“Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар Кемпир-Абадды кетип жатат деп элди адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып "бийликти сүрүп түшөлү" деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү.Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр үч адам бизден, үч адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле мындан ары жеке кызыкчылыктарын ишке ашырам дегендерге жол берилбеши керектигин белгиледи.
Соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2024
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталды
Жаңылыктар түрмөгү
0