00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:08
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ынтымак артсын! Бир катар президенттер Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

© Sputnik / Табылды КадырбековМечитке Айт намазына келген элдер. Архив
Мечитке Айт намазына келген элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2024
Жазылуу
Мамлекет башчылары жакшы каалоо-тилектерин билдиришкен.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бир катар президенттер кыргызстандыктарга жана Садыр Жапаровго Курман айт майрамына карата куттуктоо жолдошту. Аларды президенттин маалымат кызматы жарыялады. Телеграммаларда кыргыз элине жакшы каалоо-тилектер айтылган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоосунда бул ыйык күн тарыхы, тили, дини жана маданияты окшош бир тууган элдерибиздин ортосундагы боордоштуктун жана тилектештиктин духун мындан ары да чыңдоого чакырарын билдирген. Мындан тышкары, "бекем саясий эрктин, биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында акыркы жылдары мамлекеттердин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн" белгилеген.
Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда бул ыйык майрам кайрымдуулук, адеп-ахлактык жана боорукердик баалуулуктарынын чагылдырылышы катары мусулмандардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлээри айтылат.
"Бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн кубанычтуу күндө биздин бүтүндүгүбүз, биримдигибиз бекемделе берсин", — деген ал.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктаган. Ал миңдеген жылдар мурда пайда болгон жана адамзаттын бийик руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдээрин билдирген.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун телеграммасында: "Сизди жана жалпы кыргыз элин ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Биздин элдерди көптөгөн каада-салттар, жалпы маданий жана руханий баалуулуктар, анын ичинде бүткүл мусулман үммөтү үчүн ыйык болгон бул майрам байланыштырып турат", — деп айтылат.
Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган көп мамлекетти бириктирген ыйык майрам жалпы адамзатка бакубатчылык алып келүүсүн тилеген.
"Өлкөмдүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм", — деген Түркия президенти.
Азербайжандын лидери Илхам Алиев Курман айт бул ислам дүйнөсүнүн биримдигинин жана тилектештигинин символу деп белгилеген.
"Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий, тарыхый тамырлар, бир туугандык, ишеним жана колдоого негизделип курулган мамилелерге чоң маани беребиз. Апрель айындагы Азербайжанга мамлекеттик сапарыңызды, эки тараптуу мамилелердин кеңири спектри жана кызматташуунун келечеги боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жагымдуу таасирлер менен эстейм. Мунун баары биздин мамлекеттер аралык мамилелерибиздин, стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн прогрессивдүү жана ар тараптуу өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракеттер менен достук мамилелерибизди мындан ары да кеңейтүүгө ишенем", — жазылат анын куттуктоосунда.
Президенттин катышуусу менен борбордук мечитте окулган Айт намаз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2024
Президенттин катышуусу менен борбордук мечитте окулган Айт намаз. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0