https://sputnik.kg/20240620/kara-baltada-tekstil-fabrikasy-achylat-1086248033.html
Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду
Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду
Sputnik Кыргызстан
Фабрика күнүнө 80 тонна кездеме чыгарып, миңдеген жумуш орундары түзүлөрү маалымдалды. 20.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-20T15:19+0600
2024-06-20T15:19+0600
2024-06-20T15:19+0600
кыргызстан
нурланбек азыгалиев
өндүрүш
фабрика
кездеме
https://sputnik.kg/img/07e8/06/14/1086248605_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_a355f60f5016a70bb133f2992c838981.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири кездеме чыгаруучу фабрика ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев соцбаракчасына жазды.Маалыматка ылайык, министрлер кабинети менен түркиялык компания кызматташуу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө. Азыгалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен түрк инвестору жана текстиль фабрикасынын башкы директору жолугушканын белгиледи.Ошондой эле фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 80 тонна кездемени түзөрү жана миңдеген жумуш орундары пайда болору кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20240529/kyrgyzstan-lider-zhenil-onor-zhay-1085605164.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/14/1086248605_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_1b2ad487232925aedd1e7d02acc4a9a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нурланбек азыгалиев, өндүрүш, фабрика, кездеме
кыргызстан, нурланбек азыгалиев, өндүрүш, фабрика, кездеме
Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду
Фабрика күнүнө 80 тонна кездеме чыгарып, миңдеген жумуш орундары түзүлөрү маалымдалды.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири кездеме чыгаруучу фабрика ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев соцбаракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинети менен түркиялык компания кызматташуу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө. Азыгалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен түрк инвестору жана текстиль фабрикасынын башкы директору жолугушканын белгиледи.
"Кыргызстандын аймагында мындай фабриканын аналогу жок. Министрлер кабинети бул фабриканы эртерээк ачуу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Биздин эмгектерибиз текке кеткен жок. Фабриканын ачылышы өлкөгө чоң пайда алып келет: көптөгөн жумуш орундары түзүлүп, жумушсуздукту азайтып, калктын жашоо деңгээли жогорулайт. Бизде дагы бир тармакта экспорттук потенциал пайда болот", — деп жазган эл өкүлү.
Ошондой эле фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 80 тонна кездемени түзөрү жана миңдеген жумуш орундары пайда болору кошумчаланды.